Акыркы макалалар

Эксперттер кендерди жергиликтүү компанияларга берүү жөнүндө талашып-тартышты

"Кыргызстанда чакан кендерди жергиликтүү инвесторлорго гана бериш керек", -деп билдирди кечээ, 10-июлда "ВБ"да өткөн тегерек столдо Кыргыз тоо ассоциациясынын башкаруу мүчөсү, тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча стратегияны иштеп чыгуучу эксперттердин консорциумунун жетекчиси Валентин Богдецкий.

Анын пикиринде, жергиликтүү инвесторлор чакан кендерди иштетүүгө күчү жетет.

"Тармакты улуттук ишканалардын колуна бериш керек. Азыр бизде мындай тенденция болуп жатат: кытайлыктар жергиликтүү капитал менен иштетүүгө боло турган эң эле чакан кендерди дагы алып иштетип жатышат",- деп белгиледи эксперт.

Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын башчысы Адилет Акматалиев чакан кендери иштетүүгө көп каражат сарпталбасын айтып эксперттин пикирин колдоду.

Бирок Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси Канат Эрматов буга окшогон чаралар жардам бере албасын айтты. "Эгерде мындай чара киргизилсе кендердин кожоюндары баары бир чет элдиктер болот, ал эми биздин жарандар болгону колун коюп жана жоопкерчиликти алып жүрөт. Чыныгы кожоюндар жоопкерчиликтен коркпой мыйзам талаптарын бузушу ыктымал",- дейт ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...