Акыркы макалалар

Учурда Кыргызстандын суу сактагычтарында суу запасынын 30 пайызы гана калды 10 июля 2014, 12:25


Учурда Кыргызстандын суу сактагычтарында суу запасынын 30 пайызы гана калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги басма сөз жыйынында Суу чарба департаментинин жетекчисининорун басары Тилек Исабеков билдирди.

“Өлкөнүн бардык аймагын кургакчылык каптады. Апрель, май, июнь айларында жаан-чачын керектүү ченемден аз жаады. Өзгөчө Чүй өрөөнүндө сугат суулары тартыш болууда. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн жер-жерлерде иштер алынып барууда”,- дейт Тилек Исабеков.

Быйылкы жылдын кургакчыл болушу дан эгиндерине, талаа өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...