Акыркы макалалар

Замир Ракиев: Сирияга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Экстремисттик топтордун ар кандай үндөөсүнө кирип, Сирияга кетип жаткан жарандарды токтотуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында КРдин дин иштери башкармалыгынын муфтийинин орун басары, ажылык боюнча убактылуу түзүлгөн республикалык штабдын жетекчиси Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, муфтият учурда кыргызстандык жарандар азгырыкка кирбеш үчүн колунан келген аракетин жасап жатат.

"Кыргызстандагы мечиттерге 200 миңге жакын мусулмандар келип намаз окуйт. Аларга дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үймө-үй кыдырып, Сирияга барбагыла деп үндөп жатабыз дегенден алысмын, бирок биздин Кыргызстанда мусулмандар тутунган Ханафий махзабын жеткиликтүү түшүндүргөнгө, ар кандай экстремисттик уюмдардын, диний экстремизмдин курмандыгы болуп калбоого карата чакырыкты жетишерлик айтып келебиз. Бирок арасында адашып барып калгандар болуп жатат",- дейт муфтийдин орун басары.

Ал ошондой эле түшүндүрүү иштери эркектердин дагы, аялдардын арасында дагы жүргүзүлүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин берген маалыматы боюнча учурда 80ге жакын кыргызстандык жарандар Сирияда согушка катышып жүрөт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...