Акыркы макалалар

kyr.24.kg: Акүй алдындагы соксойгон сегиз эне менен жетимсиреген жети бала ыйы

kyr.24.kg: Акүй алдындагы соксойгон сегиз эне менен жетимсиреген жети бала ыйы

Бишкекте бети башын чүмбөттөгөн сегиз эне, жети бала Акүй алдында бир аптадан бери турушат. Үмүт өчкөн көздөрү эртеден кечке Акүй тарапты карайт. Булар ВИЧ илдетине чалдыккан жаш балдарын ээрчиткен энелер. Жанынан тынымсыз кымбат баалуу кызматтык авто-унаалар ары-бери өтөт. Апалардын абалын сурап, арызын уккан аткаминер аз. Болбосо, суранганы - мамлекет берчү жөлөкпул өлчөмүн 3 миңден 6 миң сомго көтөрү. Айлабыз кетип аргасыздыктан чыктык. Мүмкүнчүлүккө карап турак-жай маселесин да чечип берсе дешет. Бийликтен талап кылганга алардын толук укугу бар. Себеби, балдарына айыкпас ооруу 2007-жылы дарыгерлердин шалаакылыгынан мамлекеттик ооруканаларда жуккан. Коркунучтуу илдеттен улам күйөөлөрү таштап кеткени зээн кейитет. Боорукер адамдар аларга баш калкалап турууга убактылуу жай берген менен жууркан-төшөксүз полдо жатышаарын айтышат. Ага кошумча аба ырайы бузулуп, суук сөөктөн өтүп, балдары жөтөлүп кыйналганын билдиришти.

Жөлөкпул өлчөмүн көбөйтүү талабын былтыртан бери айтып келишет. Бишкекте, Ошто бир нече жолу нааразычылык акция да өткөрүшкөн. Анда бийлик бир жолу жардам берип соороткон. Парламенттин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков өз фондунан акчалай жардам көрсөткөн.

Мүмкүн саясый да талап коюп чыкса, кызыкчылыгына жараша кайсы бир саясый күч канатына калкаламактыр дейсиң... Андыктан быйыл аянычтуу абалдагы эне-балдардын эч кимге кереги жоктой.

Бюрократия багынбайт

Ошентип Оштон келген аялдар акыры айласы куруганда бала-чакасы менен «Акүй алдында түнөйбүз» деп чыгышты. Ошондо гана президентке караштуу Билим, илим жана маданият маселелери боюнча комиссиясына жооптуу катчысы Гүлмира Кудайбердиева Бишкекти кар баскан 12-ноябрда алар менен жолуккан. Жыйынтыгында, өлкө башчысына энелердин талаптары боюнча атайын кызматтык кат даярдай турганын билдирген. Анын жообу болжол менен бир айда берилет экен. Андан кандай майнап чыгат, белгисиз. Энелер муну кезектеги бюрократия кылыгы катары карашат. Себеби, мындай каттардын канчасы жазылды. Жыйыктык жок. Мисалы, төрт ай мурун президенттин, өкмөт башчынын жана парламент төрагасынын атына кат менен кайрылышкан. Жооп алалбагандан улам, Бишкекке жол тартууга аргасыз болушкан.

Ал каттардын тагдыры менен биз да кызыгып көрдүк. Алардын бири Саламаттык сактоо министрлигине жиберилиптир. Кандай чара көрүлгөнү бүдөмүк. Министрликтин жалпы саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Сыдыканов болгону ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандарга мамлекет тарабынан көрсөтүлчү жеңилдиктер тууралу гана айтып берди. «Азыр митинг уюштурган аялдар бизге да кайрылган. Балдарын медициналык кароодон өткөрүп, керектүү дары-дармектерин бердик. Дегеле өлкөдө бул илдетке чалдыккандар ооруунун этабына жараша жашаган жериндеги каттоодогу медициналык тиешелүү мекемелерден керектүү медициналык жардам болобу, дары болобу, бекер алышат. Ал эми иммунитети алсыз адамдар башка бир ооруга чалдыкса, албетте, ага карата бекер дары бере албайбыз», - дейт.

Иммунитети алсыз балдары бат-бат ооруп калышарын, нааразычылык жарыялаган энелер да безилдеп айтышат. Андан улам дары-дармекке көп каражат сарптоого туура келээрин белгилешет.

Өлкөдө канча ВИЧ оорулу бар?

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча:

Учурда Кыргызстанда 4336 ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөр катталган.

Анын 456 жаш балдар.

69 пайызы - парантералдык шартта (медицина мекемелеринин шартында ар кандай аспаптарды туура эмес колдонгондон, кан куюу процедураларында кетирилген катачылыктардан, кир шприц менен наркотик колдонгондон) жугузуп алгандар.

31 пайызы туубаса - энесинен баласына өткөндөр.

Булардын ичинен канчасы 2007-жылы Ош облусунда дарыгерлердин шалаакылыганан улам жугузганы тууралу так маалымат азыркыга чейин жок. Болгону, алгач Баш прокуратура 41 балага коркунучтуу илдет жуккан факт боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү.

«Болжол менен жылына Кыргызстанда мындай коркунучтуу илдеттен жабыр тарткандардын 10 пайызы көз жумат», - дейт Асылбек Сыдыканов.

2011-жылдын аягында экс-министр Сабырбек Жумабеков бул илдетке чалдыккан 300дөй бала барын айткан.Анын жарымынан көбүнө оору медицина мекемелеринде жуккан (ийне сайган учурда); 65 балага ВИЧ менен ооруган энеден өткөн.

Чындыгында канча бала ооруп калганы белгисиз. Ал үчүн Ош облусу боюнча 2006-2007-жылдары шек туудурган ооруканаларда дарыланган же төрөлгөн 30-40 миңдей баланы текшерүү керек. Мындай иш белгиленген менен анын аткарылышы көзөмөлсүз калган.

Андыктан БУУнун акыркы жарыялаган маалыматты чындыкка жакындай. Анда Кыргызстанда ВИЧ тастыкталгандардын саны 9 миң 800 киши делет.

Жөлөкпулду көтөрүү, үй берүү тууралу токтом бар...

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиеванын айтымында, медицина кызматкерлеринин шалаакалыгынан улам ВИЧ жуккандарды колдоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому өткөн жылы эле чыккан. «Токтомдо бул категориядагы балдарга айына 10 миң сомдон жөлөкпул жана үй берүү маселесин чечүү каралган. Бирок токтом түшүнүктүү себептерден улам өкмөт тарабынан аткарылбай келет. Ал эми турак-жай боюнча бизге жеткен маалыматтарга ылайык, бүгүн 8 кишиге үй берилгени белгилүү. Калгандары кезегин күтүүдө. Баса белгилечү маселе, бул токтом 2006-2007-жылдары Ош облус аймагында медиктердин күнөөсү менен жуккандарга гана тишешелүү. Башкалар бул категорияга кирбейт», - дейт депутат айым.

Ал эми Акүй алдына турган аялдарды кабыл алууга чакырса же баары киришет, болбосо эч ким кирбейт деп көнбөгөндүгүнөн аларга өзү чыккандыгын айтат Дамира Ниязалиева. «Өзүм чыгып, алар менен сүйлөштүм, адвокат менен жолуктум. Болгон шартты айтып түшүндүрүп, мени менен байланышуу үчүн телефон номурларымды бергем. Бул бир күндө чечилчү маселе эмес. Андыктан суукта балдарды оорутуп, бул жакка чыкпай эле койгула дегем. Мен аларга сөз бердим: парламентте бюджет каралганда ушул маселени сөзсүз көтөрөм деп. Балдар витаминдештирилген күчтүү азыктар менен тамактанышы керек. Андыктан бул маселе боюнча Глобалдуу фонд, ЮНИСЕФ сыяктуу эларалык донорлор менен сүйлөшүү жүргүзүп атам»,- дейт.

Глобалдуу фонддун ишеними канчалык?

Кыргызстанга СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү үчүн Глобалдуу фонд ири суммадагы каражат бөлүп келет. Буга чейин каражат түздөн түз Саламаттык сактоо министрлигине түшүп, андан ары тиешелүү бөлүм аркылуу иштетилип келген. Былтыр фонд бөлүгөн каражатка көзөмөл начар, ачыктык жок, натыйжасыз пайдаланууда деп акчаны түз которуудан баш тарткан. Текшере келгенде $1,5 миллиард келишимде көрсөтүлбөгөн иш-чараларга жумшалгандыгы аныкталган.Өлкө бюджетине тете акчанын көбү кайда кеткени белгисиз. Андыктан фонд каражатты ПРООН аркылуу бөлүүнү чечет.

Министрликтин байкоочу кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаеванын айтымында, 2011-жылы текшерүү учурунда чын эле ошондой ири сумманын каржы кагаздары тастыкталган эмес. Бирок кийинчерээк кечигүү менен болсо да көпчүлүк кагаздар тапшырылган. «Бирок Глобалдуу фонд каржылоону ПРООН аркылуу жүргүзгөнү ушул тапта туура чечим деп эсептейм. Анткени министрлик бүгүнкү күнү деле кайрадан көзөмөлдү өз карамагына алууга даяр эмес. Анткени учурунда каражат бөлүнчү кээ бир башкармалыктардын башчыларына кылмыш иштери козголгон»,- дейт ал.

Учурда Глобалдуу фонддон бөлүнчү каражатты кайрадан министрликке түз буруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. «Буга себеп, ПРООН аркылуу жасаганда грантты алуу убактысы өтө көпкө созулуп кетүүдө. Ал эми өзүбүзгө түз буруу үчүн буга чейин болгон кемчиликтерди жоюп, ачыктык болуусу үчүн өзүбүздө көзөмөл жана буюртма берүү топторун түзүп атабыз»,- дейт министрликтин жооптуу кызматкери Асылбек Сыдыканов .

Башкача айтканда, СПИД/ВИЧ менен күрөшчүлөрдүн ортосунда акча талаш уланууда. Ал эми Акүйдө ушул күндөрү келерки жылдын бюджети каралууда. Каражат тартыштыгынан саламаттык сактоо тармагына бөлүнчү акча кыскартылууда. Демек, ЖК былтыр кабыл алган токтом эмки жылы деле аткарылышы күмөн. Акүй алдындагы соксойгон сегиз эне менен жетимсиреген жети бала талабы аткарылышы белгисиз.

Түп нускага шилтеме : kyr.24.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...