Акыркы макалалар

Быйыл дагы Ош шаарынын мектеп мугалимдерине коммуналдык кызматтары үчүн акча бөлүндү

Ош шаарындагы мектептерде эмгектенген мугалимдерге эки жылдан бери коммуналдык кызматтары үчүн жергиликтүү казынадан акча бөлүнүп келет. Быйыл дагы аны кайра демилгелеп, 10 млн 983 миң 600 сом бөлүндү. Мындай буйрукка шаар мэри Айтмамат Кадырбев кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки жыл мурда демилгеленген бул саамалык мектеп мугалимдеринин электр энергиясына, газга жана таштандыга кетчү чыгымдарын төлөй баштаган. Ал акча айлык маянасына кошуп берилчү. Мындай кызматтарды пайдалануу бир гана шаарда жашап иштегендер үчүн болгон. Ал эми, облустун аймагында жашап, бирок шаардагы мектепте мугалим болуп иштегендерге берилбейт.

Буга чейин айтылгандай, шаардагы медицина тармагында эмгектенген медайымдар жана санитардык кызматыкерлердин дагы коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерди төлөп берүү үчүн жергиликтүү казынадан 7 млн 315 миң 200 миң сом бөлүнө турган болгон.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...