Акыркы макалалар

Россия Кыргызстандын армиясына жардам берүүдө

Заманбап куралдар жана аскер техникаларын берүү менен Россия тараптан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жардам көрсөтүү боюнча келишим ийгиликтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Астанада өткөн КМШ Коргоо министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча россиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда билдирди.

А.Кудайбердиев алдыдагы Афганистандан НАТОнун коалициялык күчүн чыгаруу боюнча иш-чарага байланыштуу Россиянын аскердик жардамынын өзгөчө актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле, тараптар 2015-жылы 9-майда Бишкекте Россиянын бириккен базасы менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү парадын өткөрүүнү пландап жатышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптык аскердик кызматташуунун активдештирүү, бирдиктүү демилгелерди көтөрүүдө жана келишимде көрсөтүлгөндөрдү жүзөгө ашыруу максатында жеке байланыштын зарылдыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, КМШ КМКнын жыйынтыгында делегациянын башчысы Казакстандын Президенти Н.Назарбаев менен жолугушту. Мындан тышкары А.Кудайбердиев азербайжандык кесиптеши Закир Гасанов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аскер башчылары аскер жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетүүчү жагдай, КМШ КМКнын жыйынында күн тартибине ылайык, аскер-техникалык кызматташтык боюнча КМШ форматындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...