Акыркы макалалар

Жумгалда веложарыш өтүп, ага айымдар да катышты

Жумгалда веложарыш өтүп, ага айымдар да катышты

Нарын облусунун Жумгал районунда 5-июль күнү «Газды эмес, педалды бас» аталыштагы веложарыш уюштурулуп, ага айымдар да катышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда жаш курактары чектелбей, улуу муун, жаш муун жана кенже муун катары бөлүнүшүп, 5-10-12 чакырым жерге чейин велосипед менен жарыш уюштурулду. Веложарышка жалпысынан 20га чукул каалоочулар катышты.

Жыйынтыгында, 1-орунду жаш улан балдар арасында Көк-Ой айылынан келген Тынчтык Молдалиев келсе, 2-орунга Кызыл-Жылдыз айылынан Бакберген Молдалиев, ал эми 3-орунга Кызыл-Жылдыз айылынан Асылбек Муктарбеков келсе 4-орунга Максат Бейшеев келди.

Ал эми айымдар арасында 1-2-3 орундарга Көк-Ой айылындагы «Эмел» минералдык суу чыгаруучу ишканасынын кызматкерлери Сүйүмкан Кооманова, Венера Саадабаева, Элиза Көчөровалар келип, акчалай сыйлыктар менен баалуу белектерге ээ болушту.

Ошондой эле, орто муун, кенже муун аралык жарышта 1-4-орунга чейин балдар келишип, бир катар орундуктарды алышты.

Веложарышты Жумгал жаштары уюштуруп, аны Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Адылгазы Исагулов жана райондун ардактуу атуулдары Канатбек Муратбеков, КМЮАнын ректору Канат Керезбеков жана Абтандил Кулбараковтор демөөрчүлүк көрсөтүштү.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...