Акыркы макалалар

1 млн кв. м турак жай салынат

Ипотекалык насыялоо талкууланган жыйында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкөдө жылына 1 млн кв. м турак жай салынаарын белгиледи. Эсептөөлөр боюнча КР болжол менен 100 млн кв. м талап кылынат, азыркы курулуш темпи сакталса, ага 20 жылга жакын убакыт керектелет.

«Бишкекте ипотекалык насыялоонун жигердүү катышуусуз эле курулуш күч алуусу байкалууда, бирок муктаждыктарды канааттандырууга чейин көп бар. Өнүккөн өлкөлөрдө ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөр бизнес-насыяларга караганда төмөн эсептелет. Ал эми Кыргызстанда башка кырдаал орун алган, ипотекалык насыялоо ставкасы жогорулатылган жана бизнес-насыядан жогору турат», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, 23 комбанктын 8и бүгүн ипотекалык тейлөө көрсөтөт. 2014-жылдын май айына карата өлкөнүн банк тутуму боюнча 6,4 млрд сомдук ипотекалык насыя берилген, же банк тутумунун кредиттик портфелинин 9,9% түзөт.

“Ипотека мөөнөтү 5 жылды түзүп, эң көп дегенде 10 жылга созулат, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгынан алыс болуп саналат. Учурдагы кредиттин ставкаларын жана берүү мөөнөтүн эске алганда, аларды ипотекалык деп атоо кыйын. Ипотекалык насыялар 10-25 жылга берилүүсү тийиш”, — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр белгилегендей, ипотекалык насыялоону өнүктүрүү үчүн ипотекалык кредиттер үчүн кыймылсыз мүлктөн чыгаруунун жаңы тартибин киргизүү, турак-жайдан чыгарылган жарандар үчүн убактылуу турак-жай түзүү маселесин иштеп чыгуу, күрөө алуунун соттон тышкаркы тартиби боюнча маселени кайрадан карап чыгуу, ипотекалык насыялоо боюнча банктар үчүн потенциалдуу жоготуулар жана чыгашаларды жабуу боюнча талаптарды жеңилдетүү, ипотека боюнча укуктук нормаларды өнүктүрүү, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү боюнча мыйзамды жакшыртуу, ипотекалык насыялоону каржылоо үчүн Соцфонд каражатынын топтолмо бөлүгүн пайдалануу керек.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...