Акыркы макалалар

Өмүркуловдун иши боюнча соттун өкүмүн угузуу бир жумага жылдырылды

Экс-мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча соттун өкүмүн угузуу 14-июлга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн, 7-июлда төрайымдык кылуучу судья Жамиля Сабитова кабыл алды.

Эске салсак, Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкадыров, Кадырманбетов Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген киненин негизинде айыпталып жатышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...