Акыркы макалалар

Нарында техникалык бузук абалда унаа башкарган 1 160 айдоочу катталган

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 6 айында Нарын ОИИБнин ЖКК бөлүмүнүн өздүк курамы облустун аймагындагы унаа каражаттарына техникалык жактан көзөмөл кылууда бир катар тиешелүү иш- чараларды жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Нарын ОИИБ басам сөз кызматы билдирди.

Анда, ушул жылдын акыркы 6 айында облустун аймагындагы чоң авточарбаларга 2 (өткөн жылдын ушул убактысында да 2) жолу комлекстүү текшерүүлөр, 36 (32) жолу көзөмөлдөөчү текшерүүлөр уюштурулуп, унааларды бузук абалда экендиги аныкталып, 8 унаага линияга чыгарууга тыюу салынган.

Белгилей кетсек, унаа каражаттарынын мамлекеттик талапка жооп берип, техникалык абалын жакшыртуу максатында, мекеме-ишкана жана башка авточарбалардын жетекчилерин 14 (14) жолу көрсөтмөлөр берилип, бузук абалда транспорт каражаттарын линияга чыгаргандыктары үчүн 8 (5) мекеме жетекчисине 4 миң сом (2500) өлчөмүндө айыптар салынган. Ал эми, унаа каражаттарын техникалык жактан бузук абалда башкарган 1160 (716) айдоочуларга, жарык берүү каражаттары күйбөгөн 331 (432) айдоочулар жана өз алдынча уруксаты жок жабдып алган 120 (93) айдоочулар аныкталып, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...