Акыркы макалалар

Жогорку Кеңештин депутаттары кышында чет өлкөдө, жайында болсо Ысык-Көлдө эс алгысы келет

Жогорку Кеңештин депутаттары кышында чет өлкөдө, жайында болсо Ысык-Көлдө эс алгысы келет

30 июны күнү Жогорку Кеңештин 5 чакырылышынын депутаттары көптөн бери зарыгып күткөн жайкы каникулга тарашты. Парламентарийлердин көпчүлүгү КирТАГга жайкысын Ысык-Көлдө эс алган дурустугун айтышты.

Мисалы, «Ата-Журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошеванын бул жылы жайында эс алууга такыр эле убактысы жок экен.

«Мен лидер катары эс алууга такыр убактым жок. Бир жума көп болсо эки жума бош убактым болуп калышы мүмкүн», - дейт депутат айым.

Анын сөзүнө караганда, ал бир жумага үйбүлөсү менен Ысык-Көлдөгү Жогорку Кеңештин башкармалыгына караган «Алтын Куль» пансионатына барып эс алып келиши мүмкүн. Андан кийин Ош облусуна ата-энеси жашаган жерге барат.

«Чет өлкөгө барып эс алып келүүгө менин материалдык мүмкүнчүлүгүм жок. Ошондуктан мекенимде эс алганым жакшы», - деп түшүндүрдү депутат.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Айнура Алтыбаева да өлкөдө эс алганды жакшы көрөт. Чет өлкөлөргө болсо жумушчу сапарга барган учурлар эле жетиштүү деп эсептейт.

«Эс алууга эң эле ыңгайлуу жер бул Кыргызстан, Ысык-Көл. Биздин табиятыбыз кандай кооз, суубуз таза. Жумушчу сапар менен Дубайга барганымда, деңизге түштүм. Суусу кир, жылуу жана туздуу экен. Ал жакты такыр эле Ысык-Көлгө салыштырганга болбойт», - деди депутат айым.

Жаш, активдүү эл өкүлү Ыргал Кадыралиева да бул жылы жайында эс албайт экен. Тун уулуу сентябрда башталгыч класска баргандыктан, анын тарбиясы менен алектенет.

«Биз тесттен өттүк, мектептке даярданып жатабыз. Ошондуктан менде эс алууга убакыт жок. Бирок мен үйбүлөмө көңүл буралганыма, убакыт тапканыма кубанам. Бир жумага Ысык-Көлгө барып келүүнү пландап жатабыз. Бир канча күн жайлоодо эс алганы турабыз», - деп маалымдады ал.

Парламенттин аксакалы СДПК фракциянын депутаты Мамытбай Салымбеков да бул жылы жайында эс албайт экен.

«Биз Орусиядан картошканын башка түрүн алып келип эктик. Алгачкы түшүмдү күтүп жатабыз. Баары ойдогудай болсо, мындан ары фермерлерге да таратабыз. Иште ийгиликке жетүү мен үчүн чоң эс алуу болот» - деп белгиледи депутат.

Ал эми депутат Өмүрбек Абрахманов болсо кышында чет өлкөдө, жайында болсо Ысык-Көлдө эс алганды жакшы көрөт

«Жайында Ысык-Көлдө, кышында болсо жылуу өлкөлөргө барып эс алыш керек», - деп кеңеш берди депутат.

«Мисалы, кышында аялым экөөбүз Штаттарга, ГРецияга барып тарыхый жерлерди кыдырып келдик. Мен

Платон жана Аристотель отурган таштарга отурдум. Алардан өрнөк алыш керек деген ойго келдим. Бирок алардын ордунда калгым келген жок», - деп тамашалады депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...