Акыркы макалалар

Жалган маалымат менен үй алган ӨКМ кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Турак жайы жок деген жалган маалымат менен мамлекеттин эсебинен үй алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жогоруда аталган мекеменин системасындагы коррупциялык иш-аракеттердин бар же жоктугун аныктоо үчүн текшерүүгө алган. Анын жүрүшүндө ӨКМда эмгектенген кызматкерлер Т.Т.А. жана Ж.Б.Д. кызмат абалынан пайдаланып, "үйү жок" деген маалым кат жасатышканы жана мамлекеттин эсебинен турак жайга ээ болушканы белгилүү болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...