Акыркы макалалар

Бишкекке “Санитардык полигон” муниципалдык ишканасын куруу сунушталды

Бишкекке “Санитардык полигон” муниципалдык ишканасын куруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIV жыйынында белгилүү болду.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, бүгүнкү күндө өзүнчө “Санитардык полигон” муниципалдык ишканасын куруу зарыл. “Бул үчүн эч кандай кошумча каржы керектелбейт. Бишкекте санитардык полигон ишканасын курууга “Тазалык” муниципалдык иш-канасынын курамынан акча бөлүнөт, “Санитардык полигон” муниципалдык ишканасы үчүн колдонулат”, - дейт ал.

Шаар башчысы бул сунушту колдоону өтүндү.

БШКнын төрагасы Марат Аманкулов белгилегендей, “Тазалык” ишканасында кыйынчылыктар болуп жатат. Мен ушул маселени колдоого чакырам жана аны карап чыгууну сунуштайм”, - дейт ал.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...