Акыркы макалалар

Нарын облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө 3204 окуучу катышкан

Нарын облусу боюнча быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 3204 окуучу катышкан. Быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республикалык тестирлөөгө 71 окуучуга аз катышкан. Бирок, өткөн жылга салыштырмалуу тапшыргандардын баллы жогору. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү борборунүн жетекчиси Касымбек Мамытов билдирди.

"Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында, Нарын облусу боюнча эң жогору 216 баллды В.Чкалов атындагы №2 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бегимай Үсөнбаева алды. Андан кийинки жогорку 209 баллды Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Эсентур Бектурсун уулу алса, ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү Гүлзат Табылды кызы 200 балл алган", - деп кошумчалады Мамытов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...