Акыркы макалалар

Асылбаева: балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда

Асылбаева: балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда

"Данакер" үй-бүлө бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева үй-бүлөнү план менен куруу керектигин айтты.

Биздин менталитетте ата-энелердин көпчүлүгү балдарын түрткүлөп үйлөнтүп, плансыз үй-бүлөлөр курулуп жатат. Мындай пикирин Перизат Асылбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш үй-бүлөдөгү балдардын психологиясына терс таасирин тийгизип жатат.

"Мисалы, көбү үч жашка чейинки балдарын чоң апасына, же таенесине калтырып, чет жакка иштегени кетет. Бул балдар чоңойгондо түнт болуп, же болбосо агрессивдүү болуп калууда. Алар ата-энесин сагынышат. Күткөн маалда келбесе ачууланып, кусаланат. Бой жеткенде өздөрүнө да, улууларга да ишенбей, шек саноо пайда болот. Азыркы кезде балдардын көпчүлүгү үй-бүлө мээримин сезбей чоңойууда. Ошентип эртеңки келечектин ээлери жаштайынан жабыркап калууда", — деди Асылбаева.

Ал ошондой эле мындай факторлордон улам балдар жашоодон өз ордун таппай калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...