Акыркы макалалар

«Өкмөт өз укугун толук пайдаланбаганына шүгүр дешибиз керек»

«Өкмөт өз укугун толук пайдаланбаганына шүгүр дешибиз керек»

Өкмөт ыйгарым укутарын толук пайдаланбай жатканына шүгүр дешибиз керек. Себеби эгер өкмөт укуктарын талап кылса президент менен өкмөт башчынын ортосунда өрт чыкмак. Мындай пикирин мурдагы Башкы прокурор Кубатбек Байболов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

-Парламент өзүнүн укутарынан ыктыярдуу түрдө баш тарткандыктан согуш чыккан жок. Кудай жалгап Жогорку Кеңеш ыйгарым укугун өткөрүп берип отурат. Мен премьер-министр болсом азыркыга чейин президент менен ортобузда согуш чыкмак. Азыр «сен жакшы», «мен жакшы» деп жатышат.

Ал буга кошумча, бийликке кийинки келген өкүмдардын өзүнөн мурункусун куугунтукка алуусу эзелтен келип жатканын айтты.

«Бул нерсени Европа өлкөлөрүнүн, Осмон империясынын тарыхынан да карап көрсөк болот. Мага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда таарыныч пайда болоору маалым эле болчу. Себеби өкүмдар бийликке келген соң анын күчүн сезет. «Туура эмес» деп айтса өзүнөн алыстатып жиберет. Эгер Жээнбековдун ордунда башка бирөө болсо ажолордун тиреши мындан да башкача болмок», — дейт Байболов.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...