Акыркы макалалар

Өлкө аймагында 3-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Өлкө аймагында 3-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

30-сентябрда жана 1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ биртоолуу райондордо бир аз жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,дыйканчылык аймактардажаан-чачын күтүлбөйт. 3-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

4-5-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Талас, Лейлек,Базар-Коргон райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу жок.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...