
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү жалпы аянты 3 500 гектар болгон Дюкер аймагынын өздөштүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда суу жеткирүү аракети бир топ алга жылып, тагыраак айтканда 3 500 метр канал, 114 км ички латокторду орнотуу иштери дээрлик 40-50 пайыз аягына чыгып калган.
Куруу иштеринин жүрүшү менен Кадамжай районунун аким Акрам Мадумаров баш болуп тиешелүү жетекчилер таанышып чыкты.
Эскерте кетсек, аталган аймакты өздөштүрүүгө жалпысынан 420 млн сом акча каражат мамлекеттик бюджеттен каралып, 2015-жылга бүткөрүү планга кирген.
Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg
Азырынча бир да пикир жок...