Акыркы макалалар

Манасбек Арабаевдин иши текшериле баштады

Манасбек Арабаевдин иши текшериле баштады

Башкы прокуратура менен УКМК президенттик аппараттын соттук реформа боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин ишин текшере баштады.

ПРОКУРАТУРАГА БОЛГОН КАЙРЫЛУУ…

Манасбек Арабаевдин мурда-кийин кылган иштеринин текшерилишине «Медиа полиси институтунун» Башкы прокуратурага кайрылуусу негиз болгон. Маалымат боюнча депутат Тынчтыкбек Шайназаров апрель айында Арабаев сот иштерине кийлигишип жатканы боюнча парламентте билдирүү жасап, мурдагы судья Гүлчехра Оморованын окуясын мисал кылган. Анын негизинде Кыргызстандагы радиолордун бири материал даярдап анда айтылган фактыларды иликтеп чыгуу өтүнүчү менен «Медиа полиси институту» Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы көзөмөл органынын өкүлү Жаркынай Азиева Манасбек Арабаевдин иши боюнча ведомство аралык комиссия түзүлүп иштеп жатканын, текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага мыйзам чегинде баа берилерин кабарлады.

— Текшерүүнүн жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Жогорку соттон, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынан жана башка мамлекеттик органдардан керектүү документтер алынды. Материал боюнча судьялар корпусу, мурдагы соттор менен отставкадагы судьялар, Соттордун тартип комиссиясынын мурунку төрагасы жана тартип комиссиянын мүчөлөрү суралды. Азыркы учурда текшерүү жүрүп жатат. Жыйынтыгында мыйзамга ылайык чечим чыгарылат.

АРАБАЕВГЕ БОЛГОН ДООМАТ 2016-ЖЫЛЫ АЧЫК АЙТЫЛГАН

Ушул жылдын апрель айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Буга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Оморованы жумуштан алуу боюнча президентке берген сунушу негиз болгон. Көп өтпөй анын апасы Максуда Оморова кызы Гүлчехра Оморова бийликтин буйругун аткарбай койгону үчүн кызматынан кол жууганын айтып чыккан. «Буга Манасбек Арабаевдин түздөн-түз тиешеси бар» деп күнөөлөгөн.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова «эгер Арабаев сот чечимдерине жана сот бийлигиндеги кадрдык саясатка аралашканы боюнча далилдүү фактылар аныкталса, ал жазаланышы керек» деп эсептейт. Ошондо гана сот системасына кийлигишкендер тыйылат деген ойдо.

— Манасбек Арабаевге окшогондор жоопко тартылса, мындан ары дагы ушуга окшогон Манасбек Арабаевдер чыкпай калышы мүмкүн. Ошондо көп кызматкерлер буйрук берердин алдында өзүнүн жоопкерчилигин ойлоп, мыйзамдуулукка көңүл буруп калышат. Бизде көп учурда иштин башында турганды алат дагы ортодогу иштин баарын аткарган адамдар калып калып, кайра эле системаны чиритип, ошол эле иштерди жасап жүрө берет.

Манасбек Арабаевге болгон сындар 2016-жылдары эле айтыла баштаган. Камактагы депутат Канатбек Исаев ошол учурда парламентте «Арабаев сотторго көрсөтмө берет. Анын буйругун аткарбаган судьялар жумуштан алынып, жок эле дегенде ротация болот» деп билдирүү жасаган. Кийин Арабаевдин дарегине айтылган сындар күчөп, ушул жылдын май айында президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын «жетекчинин ишениминен чыкты» деген беренеси менен Арабаевди кызматтан алган.

«БААРЫБЫЗ БИЛИП ТУРАБЫЗ, БИРОК АРЫЗ ЖОК»

Манасбек Арабаев өзү анын дарегине айтылган сын-дооматтарды четке каккан. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев Арабаевге сын айтылган менен ага каршы арыз жазган бир дагы учур жок экенине көңүл бурду.

— Манасбек Арабаев мага буйрук берген деп бир дагы судья кагаз жазып берген жок да. Эгер эрдик кылып, аны жазып берсе жүйөлүү болмок. Азыр болсо сөз эле бойдон калууда. Ал эми бирөө мени Манасбек Арабаев чакырып ушул иш боюнча мындай буйрук берди деп айтса анда иш башкача болот. Баарыбыз көрүп, билип турабыз бирок далилдей албайбыз. Ошол эле кезде кандай гана болбосун соттун тагдырын президент чечип жатпайбы. Ошондуктан дайыма президент жаман аттуу болот.

Манасбек Арабаевдин аты оппозициячыл саясатчылар камалган убакта көп аталды. Аны менен кошо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымов деген адамды дагы айыптап келишет. Ал эми Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү Шамарал Майчиевдин айтымында, тиешелүү күч органдары жыйынтык чыгармайынча Арабаевди бир жактуу күнөөлөө туура эмес.

— Өкмөттө атайын органдар бар. Алар териштирүүнү жүргүзсүн. Анын негизинде баа берилет. Мурдатан бери эле эч нерсе боло электе элге кылмышкер кылып көрсөтүп коюшат. Бирок териштирүүчү органдарга тоскоол кылып, ар кандай пикирлерди жайылтпасак.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот бийлиги Кыргызстанда эң коррупцияланышкан органдардын катарына киргенин айткан. Соттук реформа боюнча кеңештин акыркы жыйынында сот системасын реформалоо жай жүрүп жатканын, аны тезирээк ишке ашыруу үчүн бийлик болгон аракетин кыларын убадалаган. Ошондой эле бул үчүн бийликте саясий эрк бар экенин, каражат дагы табыларын билдирген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...