Акыркы макалалар

Баласын унуткан мигрант келиндер

Баласын унуткан мигрант келиндер

Иллюстрация (сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Бишкектеги төрт жашка чейинки балдардын реабилитациялык борборунда ушул тапта 67 бала бар. Алардын ичинен жети баланы Орусиядан алып келишкен.

Борбордун врач-педиатры Кымызай Кыдыралиева мигрант энелер таштап кеткен эки бала менен тааныштырды:

- Азаматты Москвадан алып келдик. Төрт айында келген, азыр беш айга карады өсүп-өнүгүүсү жай, кыймылы оор. Бирок эмгени жакшы. Бөтөлкө менен тамак беребиз. Ал эми бул жети айлык Роман. Кишини таанып, кыймылдап калды. Балдарга ысымды ошол жактагы врачтар коёт. Мисалы, Романдын толук аты-жөнү Абдизайырбеков Роман Николаевич. Бул баланын аты Алиякпар кызы Азамат. Орусиялык дарыгерлер энеси "кызы" деп жазылса, баланын фамилиясын да ушинтип жазып коюшат. Адатта орус ысымдар көп коюлуп келет. Жакындан бери кыргызча аттарды да кое башташты.

Мигрант кыз-келиндер таштаган наристелердин улуусу үч жарым жашта болсо, калганы бирге чыга элек:

- Мисалы, бул баланын энеси түрмөдө экен. Таене, таятасына кайрылганбыз. Алар баладан баш тартып коюшту. Ал эми энеси Орусиядан улам-улам кат жазып, баланы "алып кетем" деп жатат. Биздин борбордо төрт жашка чейин эле багылат. Андан кийин балдар үйүнө өткөрүлөт. Жети жаштан кийин мектеп интернатка которулат. Ал убакта энеси чыгып калып, алып кеткендер болот.

Орусияда кыргызстандык мигрант келиндер көз жарып, андан баш тарткан окуялар кадыресе көрүнүшкө айланды.

Бир ай мурда Санкт-Петербург шаарында төрөп, чүрпөсүн иштебеген муздаткычка катып койгон кыргызстандык келин кармалган. Ымыркай азыр балдар үйүндө. Укук коргоо органдары баланы таенесине бербей жатканы орусиялык медиа булактарына жарыяланды.

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери Орусияда төрөлүп, энелери баш тарткан 85 баланы алып келген.

Акыркы алты бала 2018-жылдын төрт айында Кыргызстанга жеткирилди. Балдардын көбү Москва, Красноярск, Новосибирск шаарларында ташталган.

Эмгек мигранттары көп барган Орусиянын башка булуң-бурчтарында да наристелерден баш тартуу фактылары катталганы менен алар тууралуу статистикалык так маалымат жок.

Кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылы ишке кирген токтомуна ылайык, мигранттардын балдарын алып келүү үчүн жылына 1,5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.

Каражат наристелердин ата-энелерин издөөгө же аларды асырап алчу башка үй-бүлөлөрдү табуу иштерине да жумшалат.

Министрликтин үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова мындай деди:

- Ушул убакка чейин алып келинген 85 баланын ону гана өз үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилип, 50 баланы соттун чечими менен асырап алышты. Калганы балдар үйүндө. Он баланын энеси камакта жатат. Айрым энелер баласын төрөт үйүнө таштап кеткени менен бир аз убакыттан кийин кайра алып кеткен учурлар бар.

Парламент депутаты Аида Касымалиевамеселени чечүу жолунун бири катары мектеп, билим берүү мекемелерде сексуалдык сабатсыздыкты жоюуга жана үй-бүлөнү пландоого багытталган сабактарды окутууну сунуштайт. Ал маалыматтын жетишсиздиги ушундай аянычтуу окуяларга себепкер деген пикирде:

- Таштанды балдардын санын кантип азайтабыз? Биз маалымат кампанияларын жүргүзүшүбүз керек. Жер-жерлерди кыдырып, мектептерде сабактарды өтүү зарыл. Ал сөзсүз эле жыныстык катнаш эле эмес, үй-бүлөнү пландоо боюнча жалпы маалыматты камтышы керек. Бул жөнүндө мектепте айтылбайт же үйдө эч ким айтпайт. Социалдык педагогдор да жетишсиз. Маалыматтын жоктугунан кыз-келиндер чет жакка чыгып, аянычтуу тагдырларга тушугуп жатат.

Касымалиева ошондой эле чет өлкөдөн алып келинген ымыркайлар, аларды асырап алгандардын саны, деги эле балдарды багып алуу боюнча бирдиктүү база түзүү керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда ар кандай багыттагы 127 балдар мекемесинде 11 миңден ашуун кароосуз бала тарбияланып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...