Акыркы макалалар

24-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24-июнда күндүз жана 25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 23-26-июндарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусундатүнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25.

Эртең, 24-июнда Бишкек шаарында күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 27-29 градус болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...