Акыркы макалалар

Тайкүлүктөр тапталууда! 5 жаштан 15 жашка чейинки мыкты манасчылар тандалды

Тайкүлүктөр тапталууда! 5 жаштан 15 жашка чейинки мыкты манасчылар тандалды

Иш-чарага жалпы жонунан 50дөн ашуун манасчы катышкан.

Улуу Манас баянын жар салган 40 күндүк иш-чара соңуна чыгып, Бишкек шаарында жаш манасчылардын ичинен мыктылар аныкталганын "Көйкашка" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Нусупов билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык таймаш 5 жаштан 15 жашка чейинки жана 15 жаштан 28ге чейинки категорияда өткөн. Нусуповдун айтымында, жети жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Манас майрамы быйыл аймактарды өнүктүрүү жылына арналды.

"Жаш манасчылар арасында Төлөбек Муса уулу 1-орунду алса, экинчи орунга Кутман Садыбакасов ээ болду. Ал эми үчүнчү сапка Белек Бактыбеков татыды. Байге фондусу 40 миң сом эле", — деди Нусупов.

Иш-чарага жалпы жонунан 50дөн ашуун манасчы катышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...