Акыркы макалалар

Эки паспорттуу "эпчил" элита

Эки паспорттуу "эпчил" элита

Жогорку Кеңештин депутаты казак жараны болуп чыканы, Бишкектин мурдагы мэринде орус паспорту болгону коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Бийлик башындагылардын жарандыгын текшерүүнү талап кылгандар да жетиштүү.

Мамлекеттик аткаминерлер, депутаттар эмне үчүн башка өлкөнүн паспортун алууга умтулат? Чоң саясатка, спортко келиш үчүнбү же кылмыштын изин жашыруу максатындабы? Башкалар үчүн кыргыз жарандыгын алуу канчалык жеңил же оор?

“Арай көз чарай” талкуусуна коомдук ишмер Эдил Байсалов жана коопсуздук, коррупция маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.

“Азаттык”: Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматовго кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы үчүн дагы бир кылмыш ишин козгоду. Андан мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты казак жараны болуп чыкты. Дегеле бийликтегилерге байланыштуу паспорт маселеси токтобой келатат. Бул эмнени айтып турат, бул фактылардын негизи эмнеде?

Максат Мамытканов: Бул фактылар улуттук коопсуздук тармагында саясат таптакыр жок дегенди түшүндүрөт. Кошуна өлкөлөрдүн жарандыгын кимдер алганы жөнүндө бизде маалыматтар жок. Анткени биздин укук коргоо органдарынын аларды текшергенге шарты, кызыкчылыгы жок.

Биздин жарандар башка өлкөнүн жарандыгын алганы менен Кыргызстандын жарандыгынан чын эле чыгып кеттиби - муну да эч ким айта албайт. Башка мамлекеттин жарандыгын алып, бирок Кыргызстанда министр, депутат, керек болсо президент болом дегендер чыкпадыбы. Азыр качып жүрүшөт го? Ушундай жагдайлардын болушу улуттук коопсуздугубузга шек келтирип, мамлекеттин стратегиялык саясаты жоктугун айтып турат.

Мыйзам боюнча мамлекеттик бийик кызматтарга келаткан жетекчинин, депутаттын, министрдин кош жарандыгы барбы-жокпу, текшерилиши керек. Ага биздин УКМКнын толук мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде УКМКда иштеп жаткан лейтенанттан баштап генералга чейинки аткаминерлерди ушундай фактыларга жол бергени үчүн жоопко тартканда бүгүнкүдөй көрүнүштөр болмок эмес. Мындан сырткары мамлекеттин башында тургандар да бул маселеге кызыкчылыгы жок болгондуктан ушундай болуп жатат.

Эдил Байсалов: Менин оюмча Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго экинчи кылмыш иши туура эмес козголгон. Анткени анын кыргыз жараны болуп, паспорт алганын кылмыш деп жатабыз. Ага кылмышкер катары мамиле кылып жатканыбыз саясий, моралдык жактан да туура эмес, улуттук кызыкчылыгыбызга да туура келбейт. Кулматов өзү кыргыздын уулу болсо, атасы кыргыз болсо, “сен 1996-жылы паспортту туура эмес алгансың” деп күнөөлөп жатканыбыз таптакыр туура эмес. Ага окшогон биздин жүздөгөн кыргыздар, мекендештерибиз башка өлкөнүн жарандыгын алып, жашап, иштеп, бизге акча жөнөтүп жатышат. Эми алардын баарын кылмышкер деп коюшубуз бардык жактан туура эмес. Биздин мигранттар жыргаганынан Орусиянын жарандыгын алып жатышабы?

Эгер биз Кыргызстан өнүксүн, мамлекеттин башына жакшы адамдар келсин десек, четте жүргөн мекендештерибизди колдошубуз керек. Бүгүнкү окуялардан жыйынтык чыгарсак, анда биз четте жүргөндөрдү бийликке жолотпойт экенбиз да.

Максат Мамытканов: Биздин мамлекеттик органдар мыйзамды сыйлайт экен. Кубанычбек Кулматов бажыда жүргөндө, мэр болуп турганда же Орус-кыргыз фондунда, Улуттук банкта турганда эмнеге кош жарандык маселеси козголгон жок? Ошого жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, жетекчилерин жоопко тартыш керек. "Ушул адам көптөгөн жетекчи кызматтарга көтөрүлүп жатканда бул фактыларды эмне үчүн аныктаган жоксуңар же атайын жашырып койдуңарбы?" деген суроолор көп нерсени айтып турат. Керек болсо, “Кулматов болочок президент” деп жүрүштү го. Ал өзү жасаган иштери мыйзамсыз экендигин билет.

Эгер Кулматов Орусияга качып кетип калганда алар бизге аны бербейт болчу, анткени ал Орусиянын жараны, андан чыккан эмес. Ушундан улам айтаарым - бул көрүнүш бир-эки эле фактыбы же кыргыз аткаминерлерине мүнөздүү көрүнүшпү деген шекти жаратууда. Ошондуктан азыр министрлерди, депутаттарды, элчилерди, ж.б. тиешелүү мамлекеттик жетекчилерди текшериш керек.

Эдил Байсалов: СССРдин мурдагы жарандарынын көпчүлүгүнүн тагдырлары окшош. Империя кулап жатканда Кулматовдун атасы Москвада элчи болуп иштеген, баласы Кубанычбек ал жакта жашап, окуп жүрүп паспорт алган.

Өмүрбек Бабанов болсо Союз кыйрап жатканда Казакстанда жашап жүргөндүктөн ал жерден паспорт алышы мүмкүн, ага мыйзам жол берген. Алар Кыргызстанды саткан жок, Советтер Союзунун паспортун ошол учурдагы жашаган жери боюнча эле алмаштырып коюшкан. Ушундай жол менен паспорт алышкан миңдеген кыргыздын мыкты уулу-кыздарын чыккынчы деп атайбызбы? Эгер алардын баарын душман десеңер - өнүкпөйбүз. Бул туура эмес саясат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...