Акыркы макалалар

Баткендин өрүктөрү быйыл эки эсеге арзан сатылып жатат

Баткендин өрүктөрү быйыл эки эсеге арзан сатылып жатат

Быйыл баткендик “ак өрүктөр” жылдагыдан эки эсеге арзан сатылып жатат. Мунун себеби Өзбекстандан кирген өрүктөрдүн арзан сатылышында деген дыйкандар чек аранын ачылышы аларга терс таасирин берип жаткандыгын айтышат.

Баткенде өрүк бышып, экспортко чыга баштады. Жергиликтүүлөр “ак өрүк” деп атаган бул сорту башка өрүктөрдөн бир айга эрте жетилип, 10 күн мурда быша баштаган. Учурда Орусия жана Казакстанга экспорттолгону менен, жылдагыдан эки эсе арзан сатылууда.

Данияр Сабировдун короосунда “ашкана” сортундагы 20 жылдык 70 түп өрүгү бар. Андан жылына 6,7 тоннадай түшүм алат. Быйыл да түшүмдүн эрте жетилгенин четтен жыйнап, сатыкка чыгарууда. Бирок жылдагыдан баасы эки эсе арзан сатылгандыктан, эмгегибизди актабай жатат дейт багбан.

“Быйыл эки тонна өрүк алдым, бул жылдагыдан аз, арзан дагы болуп жатат. Өзбекстан жабык болгондо бизге кайра жакшы болчу. Өткөн жылы 65 сомдон сатылган өрүк быйыл 25 сомго түшүп кетти, алуучулар келбей атат. Анткени Өзбекстанда өрүк көп экен”,- дейт Жаңы- Жер айылынын тургуну Данияр Сабиров.

Өрүктүн бул сорту башка өрүктөрдөн бир айга эрте бышат. Учурда жеке ишкерлер дыйкандардан жеринен сатып алышып, Орусияга жана Казакстанга экспорттоп жатышат. Дыйкандар баанын кескин төмөндөгөнүн Өзбекстандагы өрүктөрдүн эрте бышкандыгы менен байланыштырышат.

“Өзбекстан менен Тажикстандан өрүктө көп чыгып, биздин жергиликтүүлөр арзан болуп жатат. Жылда 50-60 сомдон сатчу элек, быйыл 20-25 сом болуп жатат”,- дейт жеке ишкер Нуркен Коңуров.

Район аймагында жылына 2 миң тонна ак өрүк өндүрүлүп, анын 99%ы сыртка экспорттолот. Бирок чек аранын ачылышы Баткен өрүгүн экспортко чыгууда тоскоолдук жаратууда. Анткени Өзбекстан өндүргөн өрүгүн кыргызстанга өткөрүп, жергиликтүү дыйкандарга атаандаштык пайда болду. Эми минтип жаан- чачындан улам түшүм да жакшы алынбай, кардарлар жокко эсе.

Райондо 7 миң гектар өрүк бак болсо, анын 3 миңин жаңы көчөттөр, ал эми 4 миңин чоң бактар түзөт. Быйылкы жылы райондогу жалпы өрүктүн түшүмдүүлүгү 23 миң тонна болоору күтүлүүдө.

Облус боюнча жыл сайын 60 миң тонна өрүк өндүрүлсө, анын 10 миңи ак өрүк сорту.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...