Акыркы макалалар

ИИМ аттестат берилген күнү окуучуларды катуу көзөмөлдөмөй болду

ИИМ аттестат берилген күнү окуучуларды катуу көзөмөлдөмөй болду

Милиция ата-энелер дагы балдарына көз салышы керектигин эскертет.

Ички иштер министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 23-июнда орто билим боюнча аттестат тапшырыларын маалымдап, бул күнү ата-энелерди өтө этият болууга чакырды. Мындай билдирүүнү ИИМдин маалымат кызматы таратты.

Министрлик бул күнү ар бир ата-эне баласынын жүргөн жерин аныктап, спирт ичимдиктерин ичип алып, баңгизаттарды колдонуп коомдук тартипти бузбашы үчүн аларга көз калуу керектигин эскертет. Ошондой эле балдарга автоунаа бербеш керектигин айтты.

"Урматтуу ата-энелер! Бардыгыбыздин биринчи милдет — түрдүү кырсыктардан алыс болуп, балдарга татыктуу майрам тартуулоо болуп саналат. Өз кезегинде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап, ар түрдүү жаңжал, чыр-чатактын алдын алат", — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги ошондой эле эгер бүтүрүүчүлөр же окуучулар тарабынан коомдук тартип бузуу катталса административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын ата-энелердин эсине салды.

Милиция, андан сырткары, балдарды коргоо боюнча мыйзамга ылайык, жаы айында — 1-июндан 31-августка чейин балдардын саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда жүрүшүнө тыюу салынарын маалымдайт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...