Акыркы макалалар

Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн боюнча форум өттү

Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн боюнча форум өттү

Кыргызстанда биринчи жолу блокчейн боюнча Борбор Азия мамлекеттери ортосунда Эл аралык форум болуп өттү. Анда блокчейн платформасынын келечеги жана технологиянын коопсуздугу тууралуу сөз болду.

Бишкек шаарында Кытай тараптын демилгеси менен биричи жолу блокчейин платформасы боюнча форум өттү. Ага Кыргызстанда бул системаны тереңдетүүгө кызыктар болгон ишкерлер катышты. Басымдуу бөлүгү Кытай Эл Республикасынан келген ишкерлер түздү. Алар бул системаны жүгөзө ашырууга кызыктар экенин билдиришти. Алдыда блокчейн боюнча окуу борборун жана санариптик биржаны ачуу пландалып жатканын СЕО Эл аралык корпорациясынын төрагасы Юэ Хэ Фу кабарлады.

— Биз бул жака блокчейнди таанытуу боюнча окуу борборун ачууну пландап жатабыз. Себеби дүйнөдөгү жаңы тенденциялар күндөн-күнгө жаңыланып жатат. Ошондуктан санариптик биржаны ачууга даярбыз. Ошону менен бирге биз салттуу бизнеске айкалыштырып, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу ниетибиз бар.

Кытай ишкерлеринин кызыгуусу блокчейн платформасын жүргүзүүгө толук шарттардын бар экендигинен кабар берет дейт, Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси Адилбек Шумкарбек уулу. Анткени бүгүнкү күнү Кыргызстанда электр энергиядан тартап, интернеттин баасы чейин арзан экенин кошумчалайт.

— Мыйзам боюнча эгерде кайра жандандыруу же энергия булактарына инвестиция салынса, анда сиз өзүңүз конкурсу жок эле иштегенге мүмкүнчүлүк берилет. Ошонун баарын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан инвесторлорго кызыктуу өлкө болуп жатат. Кытай ишкерлери муну түшүнүп, мына форумга активдүү катышууда. Өздөрү уюштуруп берүүдө. Биз эми бул форумдун жыйынтыгы катары, буга чейинки технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү, жана мамлекетке керектүү жака колдонуп, пайда алып келе тургандай кылып колдонууга мумкүнчүлүк түзүшүбүз керек.

Эгерде бул система өнүккөн өлкөлөрдөй колдонула баштаган болсо, мамлекет тараптан көрсөтүлгөн кызматтардан баштап, бизнести жүргүзүү дагы жаңы нукка түшө турганын Экономика министрлигинин аймактар боюнча башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев айтып берди.

— Блокчейин платформа — бул Кыргызстанда жаңы бир нукка алып келе турган тармак. Бардык иш кагаздар, статистика кирет. Ошолордун баарын тең айланып келип электрондук форматка өтүшүбүз керек да. Бул биринчиден соода жагына дагы абдан жакшы таасирин тийгизет. Эң негизгиси ошол адамга кызмат көрсөтүү деп коебуз. Ошого жакшы бир шарт түзүп берет. Ал үчүн форум бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.Биз блокчейнди элибизге туура түшүндүрүп жайылтышыбыз керек.

Бул замандын жаңы талабы болуп жатканы менен Кыргызстанда мыйзамдык жактан ирээтке келтирүү каралбаганын экономист Нурадил Раимбеков түшүндүрүп берди. Анткен менен коомчулук тараптан кызыгуу чоң деди, ал.

—Азырынча Кыргызстанда блокчейн компаниялары жокко эсе.Бирок жаштар менен суйлөшүп, сурамжылоодо блокчейнге кызыккандардын саны көп экенин байкадык. Ушул убакта Кыргызстанда крипта валют жана блокчейн мыйзам менен корголгон эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин “санариптик экономика, блокчейн технологиясы, киберкоопсуздук жана акыл искусствосу” боюнча эл аралык илимий изилдөө борборун түзүү сунушталган.

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкы криптовалюта, майнинг, блокчейн технологиялары жөнүндө маалымат берип, аны колдонууга тыюу салбашы керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...