Акыркы макалалар

Аймактарга каттаган таксилерди эч ким көзөмөлгө албайт

Аймактарга каттаган таксилерди эч ким көзөмөлгө албайт

Кыргызстанда узак жолго чыккан айдоочулардын ишин эч ким көзөмөлдөбөйт. Алар патент алып, кадимкидей эле ташып жүрө беришет. Мындан улам “алар канчалык эс алып, канчалык деңгээлде даяр болуп жолго чыгып жатышат?” деген суроо туулат. Анткени, Москвада кыргызстандык жаран катышкан жол кырсыгы таксисттердин жоопкерчилигин дагы бир ирет эске салды.

Москвадагы кыргызстандык жарандын рулда уктап кетип, тратуардагы жарандарды сүзүп кеткени айдоочулардын жоопкерчилигин, аларды көзөмөлдөө маселесин козгоду. Анткени алдын ала маалыматтар боюнча такси кызматында иштеп жүргөн кыргызстандык айдоочу акыркы күндөрү аз уктап жумушка чыгып жүргөн. Мындан улам биз да Кыргызстанда, өзгөчө узак жолго чыгып жүргөн айдоочулардын ишин ким көзөмөлдөйт? Стандарт боюнча алар канча саат эс алып анан жолго чыгыш керек? деген суроолорго жооп издеп көрдүк. Маселен Ош-Бишкек автоунаа жолу орточо эсеп менен 12 сааттык жол. Айдоочулардын айтымында алар бир күн эс алып, эртеси күнү жолго чыгышат. Бирок шартка жараша айрым учурда келген күнү кайра түндөп жолго чыгып жүрөрүн жашырышпайт.

-Бүгүн келсем, эртең кечке эс алып, анан жолго чыгам.

-Негизи бир сутка эс алабыз. Бирок айрым учурда шашылыш чыгыш керек болуп калат.

-Өзү 3 сутка болмоюнча мен жолго чыга албайм. Бирок арабызда айрым жаштар келген күнү кайра жолго чыга беришет.

Кыргызстанда узак жолго чыккандарды көзөмөлгө алган мекеме жок. Эл ташыган таксилер патент алып, жолго чыга беришет. Негизи стандарт боюнча узак жолго сапар алган айдоочу жолдун абалына жараша ар 4 саатта унааны токтотуп, эс алып туруусу абзел. “Бирок, Кыргызстанда коомдук транспорттордон тышкары эл ташыган узак жолго чыгып жүргөн таксилерди эч ким көзөмөлгө албайт”,- дейт Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Тилек Оторов.

-Жеке айдоочулар патент алып, эл ташый беришет. Аларды атайын көзөмөлгө алган орган жок. Ошондуктан, алар канча убакыт унаа айдап жатышат, канчада бир эс алышат, эч ким көзөмөлгө ала албайт.

Адистердин айтымында жол кырсыктарынын көрсөткүчүнүн көбөйүшүнө бирден бир себеп айдоочулардын чарчаган абалда жолго чыгышы. Уйкусу канбай жолго чыккан айдоочунун уктап калуу коркунучу жогору. Мындан улам мурдагы Ички иштер министри Өмүрбек Кутуев Мурдагыдай такси базасын түзүп, баарын көзөмөлгө алуу керектигин айтат.

-Мурда базалар бар эле. Алар жоюлду. Ар бири текшерилип анан жолго чыгышчу. Азыр да база түзүш керек. Аларды көзөмөлгө алган системага муктаждык бар.

Талапка ылайык, узак жолго чоң унааларды экиден киши айдаш керек. Ал эми эл ташыган жеңил автоунаанын айдоочусу жазылбаган мыйзамга ылайык 4 саат сайын эс алып туруусу абзел. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө мөөнөтүнөн ашыкча автоунаа айдап, жолго чыккан кишинин автоунаасы автоматтык түрдө иштебей калат. Аны көзөмөлгө алган система бар. Бул тууралуу юридика илимдеринин кандидаты Болот Борбиев айтып берди.

—Мисалы өнүккөн өлкөлөрдө такси болобу, чоң жүк ташуучу болобу GPS система колдонулат. Эгерде айдоочу максималдуу түрдө айдаган болсо, GPS белги берип, кыймылдаткыч автоматтык түрдө иштебей калат. Ушундай системаны киргизсе болот.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын башынан бери өлкө аймагы боюнча 2009 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 % аз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...