Акыркы макалалар

Нарын драма театры Казакстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты

Нарын драма театры Казакстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты

Ата мекендик актерлор фестивалда "Маң" спектаклин койгон.

Нарын облустук драма театры Казакстандагы фестивалда өзгөчөлөнө алды. Бул тууралуу жазуучу Султан Раев билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-16-июнь күндөрү Алматы шаарында SAMGAU VI эл аралык театр фестивалында өттү. Ага Нарын облустук драма театрынын актерлору драматург Султан Раевдин "Маң" спектакли менен катышкан.

КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта чыгармачыл топ калыстардын өзгөчө баасын алды. Андан сырткары, театрдын директору, башкы ролду аткарган Темирлан Сманбеков "Эң мыкты эркектин ролу" номинациясына татыды.

Эске салсак, аталган драма өткөн май айында Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы театрда биринчи ирет коюлган.

"Маң" — Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасынын негизинде жаралган татаал, философиялык-авангарддык чыгарма.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...