Акыркы макалалар

ТИМ: Жамбылда кырсыктаган поездде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

ТИМ: Жамбылда кырсыктаган поездде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы бала каза таап, 11 адам жабыркаган.

Казакстанда рельстен чыгып кетип кырсыктаган поездде жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстандын Астанадагы элчилик тиешелүү органдар менен байланышып, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын ичинде КРдин жарандары болгон эмес.

Эске сала кетсек, 17-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча 13.25 чамасында Астана — Алматы багыты боюнча жүргүнчү ташып келе жаткан поезддин алты вагону рельстен чыгып, үчөө бир капталына оодарылып калган. Анын кесепетинен 12 жаштагы бир бала каза таап, 11 адам жабыркаган.

Каргашалуу окуя боюнча коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгү (темир жол, аба, деңиз, кичине өзөн транспортунун эксплуатациясын жана коопсуздук эрежесин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери уланууда.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...