Акыркы макалалар

Ошто алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин мелдеши өтөт

Ошто алыш күрөшү боюнча кыз-келиндердин мелдеши өтөт

Мелдешке Кыргызстандын ичинен 100дөй спортчу, ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстандын балбандары катышаары күтүлүүдө.

24-июнда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча мелдеш өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мелдеш СССРдин спорт чебери Таштанбеков Кубанычбековдун элесине арналат.

Кыздар арасындагы турнир Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун эрежеси менен жүргүзүлүп, катышуучулар алты салмак категориясында (50, 55, 60, 65, 70, 75 килограмм) күч сынашат.

Мелдешке Кыргызстандын ичинен 100дөй спортчу, ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстандын балбандары катышаары күтүлүүдө.

Иш-чараны Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Алыш федерациясы уюштурууда.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...