Акыркы макалалар

Саясат менен жуурулушкан кылмыштуу топтор

Саясат менен жуурулушкан кылмыштуу топтор

Иллюстрациялык сүрөт.

Уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү чакырыгы - жемкорлукка каршы туруу, пенсияны, айлык акыны, көтөрүү убадасы менен бир катарда шайлоо алдында шаңдуу айтылып, талапкерлердин оозунан түшпөс сөз.

Анан бул жалындуу күрөш кандай жүрүп жатканын айтыш да кыйын, бирок айныксыз чыгып турган бир жагдайды да айтпай коюуга болбойт - кылмыштуу топтордун башчысы катары сөз болгондор коркпой-үркпөй эле эркиндикте ээн-жайкын жүрүшөт.

Парламентте жасап жаткан иштери тууралуу айтып жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тийиштүү органдар уюшкан кылмыштуу топторго каршы тынбай күрөшүп жатышканын ырастап, ага көзөмөл органы такай көз салып турганын белгиледи. Жыйында статистикалык маалыматтар айтылды, андан карапайым адам кандай иштер жасалып жатканын аңдашы кыйын.

Узун-узун сандарды башкы прокурор депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып алдыга жайды. Парламент өкүлү алынган жоопко ичи чыкпаганын жашырбай, бийлик өкүлдөрү азыркыга чейин уюшкан кылмыштуу топтун анабашына кол куушуруп барып турарын билдирди. Ал сөзүнүн чоо-жайын “Азаттыкка” чечмелеп жатып Дастан Бекешев кимдир-бирөөлөрдүн аты-жөнүн айткысы келбегенин, бирок түшүнгөн кишилер ал кимди айтып жатканын көзгө сайып көрсөтпөсө деле билишерин ырастады:

- Кылмышкерлердин анабашына ийилип салам айтып, алдынан өтүп турчу депутаттар, ал түгүл ички иштер кызматкерлери бар. Туура, таасирдүү, коркунучтуу адам, аны эч ким тана албайт. А бирок айрымдары от менен ойногону туурабы?

Быйыл жыл башында Ысык-Көл облусундагы ресторан өрттөлүп кеткенине байланыштуу жаңжал чыкты. Парламент бул маселеге өзгөчө көңүл бурду, анткени өрткө уюшкан кылмыштуу топтордун тиешеси бар деген шек-шыбаа бар болчу, кылмыштуу топтор ресторандын жетекчисинен акча талап кылышкан экен.

Милиция болсо "окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон" деген божомолго басым жасап отуруп алды. Ресторандын ээси айрым адамдар андан акча талап кылышканын айтып, милицияга арыз менен кайрылганын айтып, бирок ага эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ушул окуядан улам КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева айрым кесиптештери кылмыштуу топторго жан тартышарын айтып чыкты:

- Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш үчүн биринчи иретте саясий эрк керек. Эгер муну ИИМ моюнга алгысы келбесе, мен ачык эле айтайын - уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып же соттук териштирүүгө туш келсе парламенттеги менин бир топ кызматташтарым телефон чалып, аларды бошотуп алышат.

Айрым депутаттардын кылмыштуу чөйрөлөр менен байланышы ушу тапта эч кимге жашыруун деле сыр болбой калды. 2015-жылы кылмыштуу чөйрөгө байланышкан бир топ талаш-тартыштар чыккан болчу. Ошондо айрым талапкерлер жагдайын ачыкка чыгарып, депутаттык мандатка ээ болушкан. Бул мезгил кылмыштуулукка каршы чыккан күрөштүн төртүнчү жылы болчу. Журналист Турат Акимовдун пикиринде, кылмыштуу чөйрө дагы эле саясатта олуттуу орунду ээлөөдө:

- Түпкүлүгүндө ошондой эле. Биринчиден, шайлоодо кылмыштуу топтордун анабашылары алдыга чыгышат. Тигил же бул топтогу шайлоочулардын добушун алыш үчүн таасирдүү авторитеттерди ушул ишке тартышат. Анын артында белгилүү кызыкчылыктарды коргоо талабы да турат. Эсиңерде бардыр, жакында эле кызматтан кетирилген жетекчилердин бири Рыспек Акматбаевдин тобундагылардын бири деп эсептелчү. Ушундай адамдар бийликке келет.

ИИМдин эсебинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган кайсы бир кылмыштуу топ өкүлүнүн жергиликтүү кеңешке депутат же айыл өкмөт башчысы болуп калганына байланыштуу талаш-тартыштар, ал түгүл тирешүүлөр Кыргызстанда кез-кез чыгып турат. Көбүнчө андай жергиликтүү жетекчилерди “шайлоо” элди коркутуу менен коштолору деле жашырын сыр эмес.

Жыйынтыгында “уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар” (ИИМдин бөлүштүрүүсү боюнча) адамдардын айылдык бийлик башында отуруп калган учурлары болуп калат. Мындан эки жыл илгери ушундай болгон. Анткен менен депутат Дастан Бекешев айрым аткаминерлер менен депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун анабашыларына ийилип салам берип, алдынан өтүп турушканы менен, кийинки жылдары кылмыштуу топтордун таасири кыйла азайып калганын, аларга каршы күрөш башталган кезден кыйла сээлдеп калганын белгилейт.

- Мурдагыга салыштырмалуу жагдай кыйла эле оңолду деп айтсак болот. Алар мурдагыдай майда-чүйдөгө чейин кийлигише албай калышты. 2011-жылы Роза Исаковна жакшы иш баштады эле – кылмыштуу чөйрөнүн кыйласы өлкөдөн качып, айрымдары түрмөгө түшкөн болчу. Отунбаева укук сактоо органдарын кыймылдатып, алар жанталашып иштей баштаган. 2011-жылдан 2013-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топтор тынчып калышкан. Анан алар баш көтөрүп, бирок кайра эле тынчып калышкан. 2016-2017-жылдары кылмыштуу топтор кайра ойгонушту окшойт. Муну эскертип коюш керек. Саясий эрк керек. Эгер президент буйрук кылып, "баарын камап койгула" десе - баарын камашат, отургузганга шылтоо табылат. Айтмакчы, президент бул маселени көтөрдү, "кылмыштуу чөйрөгө каршы күрөштүн проблемасы - укук коргоо жана сот органдарындагы жемкорлук" деп айтты.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков да ушундай эле ойдо. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы башталган 2011-жылкы күрөштү Медетбеков арабөк калды деп эсептейт. Анын баамында, негизги проблема – кылмыштуу топтордо эмес, аларга бийлик адамдары көрсөтүп жаткан колдоого байланыштуу:

- Уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөнүн экономикалык жана саясий турмушунда олуттуу роль ойной башташты. СССР кулагандан кийин уюшкан кылмыштуу топтор чыкты, алар айрым саясатчылар жана ишкерлер менен бекем карым-катышта болуп калышты. Бара-бара бул байланыш кыйла ыраатка салынып, кийинки сегиз жыл ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тигил же бул деңгээлде шайлоонун жыйынтыгына таасир этчү күчкө айланды. Азыр уюшкан кылмыштуу топтор айрым парламент мүчөлөрү, мекеме башчылары менен бекем байланышта. Бул коомчулукта бир топ кооптонуу жаратууда. Мен айтар элем, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштагы “ак жакалуу” аткаминер-кылмышкерлерден коркуш керек.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Кыргызстанда үч ири кылмыштуу топтор бар. Алар – Көлбаевдин, Бокушевдин жана Батукаевдин топтору. Бул үч топтун болжолдуу мүчөлөрүнүн саны 550 адамдан ашат. ИИМдин эсебинде, майда топтордун 900дөн ашуун мүчөлөрүнүн баары катталган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...