Акыркы макалалар

Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлөр тараптан топтолот деген каражат толук жыйнала элек

Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлөр тараптан топтолот деген каражат толук жыйнала элек

Быйыл күздө өтө турган III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө республикалык бюджеттен 316 млн 700 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө бюджеттен 10 млн 846 миң сом которулду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов маалымдады.

Аденовдун айтымында, Көчмөндөр оюндарына сарптала турган акчанын белгилүү бир бөлүгү демөөрчүлөрдөн топтолушу керек. Аны Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык жыйнашы зарыл. Мындан улам учурда катчылык өлкөдөгү ири компанияларга жана жеке ишкерлерге атайын сунуштамаларды жиберишүүдө. Бирок, азырынча белгиленген сумма топтоло элек.

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө «Центерра голд компани» ишканасы башкы демөөрчү болуп, 750 миң доллар бөлгөнү кабарланган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...