Акыркы макалалар

Текебаев «Сапат» мектептери тууралуу үн катты

Текебаев «Сапат» мектептери тууралуу үн катты

Жакында айрым маалымат булактары Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында «Себат» (“Сапат”) мектебин ачуу боюнча нааразы болуп жатканын жазышты. Анда элчи мырза бул жагдай «Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сентябрь айындагы Кыргызстанга сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал” деген. Элчинин бул билдирүүсүн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ички иштерге кийлигишүү катары баалашты жана буга ТИМ жооп бериши керектигин талап кылышты.

Эске салсак, Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген “Себат” билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. “Себат” билим берүү мекемелерин колдоп чыккандардын бири саясатчы Өмүрбек Текебаев болгон. Аны менен “Себат” мектептеринин кыргыз билим берүү системасындагы ордуу тууралуу «Азия Ньюс» гезити маек куруп, интервью govori.tv сайтына да жарыяланды. Төмөндө сиздерге govori.tv сайтына жарыяланган макаланы сунуштайбыз.

— Өмүрбек Чиркешович, Туркиянын элчиси жакында Балыкчы шаарында “Себат” мектебинин ачылышына каршы чыгып, “Балыкчы шаарында “Себат” мектеби ачылса, ал кыргыз-түрк мамилелеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн” деди. Эки жыл мурун да Түрк Өкмөтү Кыргызстандагы “Себат” мектептеринин жабылышын талап кылып, Кыргызстанга кайрылган. Ошондо сиз «Себат» мектептерин колдоп чыккансыз. Эмнеге колдодуңуз эле?

— Биринчиден, “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгындагы эң ийгиликтүү долбоор. Кыргыз Өкмөтү менен Түрк Өкмөтүнүн мамлекеттер аралык долбоорлору дагы мынчалык чоң ийгиликке жеткен эмес. Баарыбызга белгилүү, 1991-жылы Түрк Өкмөтү Кыргызстанга 70 млн.доллар берген. Ошондон бери чейрек кылым өттү. Азырга чейин түрктөр менен соттошуп, анын чыры басыла элек. Мамлекет жасай албаган ишти Түркиянын инттелигенция өкүлдөрү жасашты. 1990-жылдары Кыргызстан жаңы эле эгемендикти алып, өз алдынча мамлекетти курганы турганыбызда түрк интеллигенциясы “кыргыз бир туугандарыбызга жардам берели, билгенибизди үйрөтөлү, биздин жардамыбыз жаш муундардын дүйнөлүк стандарттагы билим алышына шарт түзгөн болсун” деп келишкен. Анда көп адамдар, ошонун ичинде мен дагы бул долбоорду мынчалык ийгиликтүү, масштабдуу болот, кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүнүнө, достугунун бекемделишине мынчалык салым кошот деп ойлогон эмеспиз. Бирок, “Себат” долбоору келечектүү, масштабдуу, эл достугун бекемдеген реалдуу долбоор болуп чыкты. Жыйынтыгында, “акча эмес, билим, тажрыйба берели” деген формула иштеди. Аны убакыт, турмуш далилдеди. Ал жылдардан бери биздин далай балдар бул мектептерди бүтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим алып, алды Кыргызстанга кайтып келишти. Бир тобу чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатышат. Кыргызтстанда иштеп, кайра Түркияга барган мугалимдер биздин элдин чыныгы достору болуп калышты. Алар Түркияда жүрсө да, кыргызстандык достору менен байланышып, катташып, Түркияда Кыргызстанды пропагандалап жүрүшкөн ишенимдүү өкүлдөрүбүзгө айланышты. Экинчиден, “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин бузулушуна алып келбейт. Тескерисинче, бекемдейт, күчөтөт. Туркияда аскер төңкөрүшүнө аракет болду, оңунан чыкпады. Ошондон улам, ички саясий күрөштүн логикасы менен Түрк Өкмөтү оппозицияны, ошонун ичинде гүленчилерди Түркиянын ичинде жана сыртында куугунтукка алды. Эми бул, бугунку саясий кырдаалдын кызуулугунан улам болуп жатат. Мен муну убактылуу көрүнүш деп эсептейм.

— Сиздин балдарыңыз да “Себат” мектебинде билим-тарбия алышкан. Балким сиздин позицияңызга ушул жагдай таасир эткендир?..

— Менин эки уулум “Себат” мектебинде окуп, билим-тарбия алышты. Улуу уулум Амантур мектепти 2015-жылы аяктап, азыр АКШда окуп жатат. Андан кийинки уулум Эсентур да “Себатта” окуп жатат. Бирок, ал уулум жакшы «отличник” болуп окубай жатат. Мен өзүм Советтик доордун мугалимимин. Ошондуктан дагы “балдарым мыкты окуш керек” деп максат кылып алгам. Кызым Айданек менен Амантур жакшы окушту. Эсентур достору менен тентектик кылып, мектепте дисциплинаны көп бузушат экенин угуп калам. Ар кандай кылып көрдүк. Бирок, “отличник” болуп кеткен жок. Турмуш да, адам койгон максатын, стандарттарын өзгөртөт экен. Жубайым Айгүл экөөбүз “отличник болуш сөзсүз эмес, отличник эмес адамдар деле чоң бизнес ачып, керек болсо мамлекетти башкарып жатышпайбы, дүйнөгө таанылган генийлер Пушкин менен Эйнштейн деле отличник болушкан эмес экен, Эсентурубуз отличник болбосо дагы, жакшы адам болсо болду” деп, өзүбүздү өзүбүз жооткоруп, стандартыбызды түшүрдүк. Эки жыл мурун бир окуя болду. Жубайым Айгүл “мектептен уулуңдүн абиси (класс жетекчиси) телефон чалды. Эки досу менен мектептин коргонунан секирип, шаарга качыптыр, аларды мугалими кармап алыптыр”,- деди. Балдар тентектик кылганда, абиси тарбиялайт. Эсентурду “сен кимдин баласы экениңди унутпа, сенин атаң кандай сыйлуу киши, сен атаңды уят кылба, ага татыктуу бол!” дешет. “Эсентур тартип бузуптур” дегенде эле, менин баламдай болгон анын абиси Эсентурду эмес, мени тарбиялап жаткандай, Эсентурга эмес, мага сын айтып жаткандай болуп, мен абдан ыңгайсыз абалда болот элем. Укканда абдан капа болдум. Балам “отличник” болуп окубаса да, ал жерден «адам» болуп чыгат деп жүрбөймүнбү. «Адам» деген биринчи кезекте жоопкерчиликтүү, намыстуу, ата-энесине күйүмдүү, мээнеткеч болот. Анан окуудан качып жатса, кайдагы жоопкерчилик, абиси кайра-кайра атасын мисал кылып урушуп жатса, кайдагы намыстуулук, апасы менен атасын капа болот деп ойлобосо, кайдагы күйүмдүүлүк?!,- деп, капа болуп, уулум менен бир ай сүйлөшпөй койдум. Кадимкидей бактысыз болдум. Бир айдан кийин “Айгүл уулуңдун мугалими менен баланыштыңбы, өзү менен тарбиялык сүйлөшүү жүргүздүңбү?”, деп сурасам, Айгул кубанычтуу, көңүлү көтөрүңкү сөз айтты. Көрсө, Эсентур менен жакындан сүйлөшсө, ал болгонун болгондой айтып бериптир. Окуя мындай болуптур. Түрк мектебинде сабак ортосунда, саат 4-5терде чай ичишет. Мунун да тарбиялык мааниси бар экен. Команда түзүү, балдардын ортосунда ынтымактуулукту арттыруу планында уюштурулат экен. Ошол чай маалында Эсентур, дагы эки досу менен коргондон секирбей эле, дарбазадан чыгып, чуркап барып дүкөндөн продукты сатып алышып, кайра келе жатышса, алдынан абиси чыгып калып, “кайдан келатасыңар, качан, кантип чыктыңар?” деп сурайт. Алар «дубалдан ашып түштүк» деп айтышат. Мугалим дароо ата-энелерине телефон чалып, анан өздөрүн да тарбиялап кирет. Апасынын “азыр эле чыктык, тамак алып келатабыз” деп айтып эле койбосуңарбы” деген сөзүнө уулум Эсентур мындай дейт: “Кароолчу жакшы киши, жакында эле жумушка орношкон, анын балдары бар, биз айтып койсок, аны жумуштан бошотот. Балдарын ким багат? Ошон үчүн кароолчуну сатпай, күнөөнү өзүбүзгө алып, “коргондон секирдик” деп айттык” дептир. Менин уулум эле эмес, жанындагы эки досу тең сүйлөшүп алгандай, автоматтык түрдө мугалимине “коргондон секирдик” деп, кароолчуну сатышпаптыр. Аны угуп, мен абдан кубанып, таасирленип кеттим. “Балам жөн эле адам эмес, жакшы адам болуп чоңоюп жаткан турбайбы, адамдардын абалын түшүнө билген, аларды аяп, керек болсо аларга жардам бергенге даяр адам болуп тарбияланып жатыптыр, өзү үчүн башкаларды сатпаган, өзүнө жоопкерчиликти ала билген накта жигит болуп чоңоюп жатыптыр” деп, уулум үчүн абдан кубанып, кадимкидей көзүмө жаш алып кеттим. Уулум менен сыймыктандым. Ушундай тарбия берип жаткан мектебине, мугалимдерине ыраазы болдум.

Көп өтпөй Түркияда аскер төңкөрүшүнө аракеттер болуп, оңунан чыкпай, ага Гүленди жана анын тарапкерлерин айыптап камап, куугунтуктоолор башталды. 10 миңдеген адамдар камалышты, жумуштан алынышты. Анын илеби Кыргызстанга да жетти. Биздин Өкмөткө “Себат” мектебин жапкыла, ал жерде иштеген гүленчилерди биздин колубузга салып бергиле” деп талап коюшту. Түркиядан атайын “Кыргыз туугандарыбызга жардам беребиз, алардын балдарына билим беребиз” деп келген алдыңкы интеллегент жаштарын, балдарымдын мугалимдерин Түркияга барса, аларды түрмө күтүп жаткандыгын, түрмөгө кирбесе да, жумушсуз калып, куугунтукка учураарын баарыбыз эле билип турдук. Алардын да ата-энелери, балдары бар. Алар өз тагдырларын кыргыз бийлигинин колуна берип, “тагдырыбызды ушулар чечет” деп Кыргызстандын чечимин, өкүмүн күтүп калышты. Анан мен аларды сатып жиберсем, балама кандай үлгү болот эле? Балам ошондой ата менен сыймыктанат беле? Мен эле эмес, сүйлөшүп алышкансып, Кыргызстандын инттелигенция өкүлдөрү биринин артынан бири “Себат” мектеби жабылбаш керек” деп айтып чыгышты. Мен дагы баса белгилегим келет. Сүйлөшүп алгандай, автоматтык түрдө, бир убакта ушундай ой-пикирлер кыргыз коомчулугунун бардык катмарларында айтылды. Мурун мен уулум менен сыймыктансам, ушундан кийин жалпы кыргызстандыктар менен сыймыктандым.

— Түрк Өкмөтү «Себат» мектептери жабылып, гуленчилер Түркияга өткөрүлүп берилсин» деген талабын Кыргызстанга гана эмес, башка өлкөлөргө дагы койду. Азербайжан, Казакстан, Түркменистан сыяктуу Кырыгызтанга караганда алда канча бай, чоң өлкөлөр түрк бийлигинин талабын дароо эле аткарышты. Эмнеге андай болду деп ойлойсуз?

— Азербайжан, Түркменистан, Казакстан чын эле бай өлкөлөр. Аларда нефти, газ ж.б. табигий ресурстар көп. Алардын саясий, бизнес элитасы дагы чоң байлыкка ээ. Алардын Түркияда реалдуу жеке кызыкчылыктары болушу мүмкун. Ошондуктан, бул мамлекеттердин жетекчилдери адилеттүүлүк, эркиндик, адам укуктары деген түбөлүктүү баалулуктарды жетекчиликке албастан, өздөрүнүн күнүмдүк, саясий, каржылык кызыкчылыктарынын жетегинде калышты деп ойлойм. Ошон үчүн алар Түрк бийлигинин талабын аткарып, ал мектептерди жаап, же трансформациялап, мугалимдердин бир бөлүгүн Түрк бийлигинин колуна салып берди. А биз Кыргызстан, кыргыз эли күнумдук эмес, тубөлүктүү баалуулуктарды: адилеттүүлүк, намыс, бир туугандык деген түшүнүктөрдү жетекчиликке алдык.

— Түрк бийлиги капа болуп, кыргыз-түрк мамилелери сууйт деп ойлобойсузбу?

— Бүткүл дүйнө боюнча гүленчилерди куугунтуктоо, кээ бир мамлекеттердеги “Себат” мектебин жабуу аракеттери ички саясий күрөштүн логикасынан улам келип чыкты. Түркиядагы ички кырдаал өзгөргөндөн кийин, бул маселелер өзүнөн-өзү жоюлат. Ошондуктан, бул иш келечекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерге таасири тийиши мүмкүн эмес. Бүгүн дүйнөлүк түзүлүш, тартип өзгөрүп, глобалдык трансформация жүрүп жатат. Жаңы дүйнөдө ким кандай орунду ээлейт, кандай таасирге ээ болот, ушул күндөрү чечилип жатат. Түрк мамлекеттеринин лидери – бул Түркия. Түркия дүйнөлүк жаңы тартипте төр талашып, күрөшүп жатат. Күрөштүн башында президент Тайып Эрдоган турат. Ал Түркиянын гана эмес, түрк дүйнөсүнүн лидери, чоң тарыхый инсан. Убакыт өтөт, дүйнөдө тартип алмашат. Түркияда, Кыргызстанда бийлик алмашат. Бирок, эл калат. Көп жылдар өткөндөн кийин, Түркия эли “Чыгышта бир кыргыз деген түрк эли бар, алар достукту акчага сатпайт, коркуп кетип, тууганын таштап качпайт” деп, биз туугандарыбыз, досторубуз болуп калган түрк мугалимдерин Тайып Эрдогандын режимине салып бербей койгон тарыхты, окуяны эстээр деп ойлойм. Бул окуя биздин мамилелерге кедергисин тийгизбейт. Тескерисинче, бекемдөөгө салым кошот. Кыргызда “кедей адам март болот” дейт. Бул тарых Кыргызстандын элинин мүнөзүн көргөзөт.

(Маекти даярдоого жардам берген адвокат Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)

Булак «Азия Ньюс»

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...