Акыркы макалалар

Үч жылда бүткөн шектүү тендер

Үч жылда бүткөн шектүү тендер

Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүн оңдоо боюнча тендер жыйынтыкталып, аны “Азвирт” аттуу компания утуп чыкты. Азербайжандык фирма 67 чакырым жолду үч жарым млрд. сомго оңдоп бермей болду. Бирок тендерге катышкан орусиялык “Евротракт” компаниясы сынак коррупциялык жолдор менен өткөнүн айтып чыкты. Орус фирмасы тендерде өзү утуп чыкканын, бирок министрликтеги адамдар пара берген тарапты жеңүүчү кылып койгонун айтууда. “Чоо жай” түрмөгүндө "Азаттык" ушул маселени иликтеген.

Үч жылда аяктаган тендер

Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүн оңдоо боюнча жарыяланган тендер толук үч жыл дегенде аяктады. Компаниялардын сунушу 2015-жылы кабыл алына баштап, тендер өзү былтыр 26-октябрда өткөн. Ошол эле күнү жеңүүчү аныкталганы менен документтерди текшерүү иштери ушул убакка чейин созулду.

Натыйжада Транспорт жана жолдор министрлиги жеңүүчү компанияны эми гана жарыялап, 11-июнь күнү келишим түзүлгөнүн кабарлады.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов сынактын жыйынтыгы менен тааныштырды:

- Тендердик процесс бүттү. Сынакты Азербайжандын “Азвирт” компаниясы утту. Аткаруучу компания менен келишимге кол коюлду. Келишимге жеке мен өзүм кол койдум. Консультант такталды. Булар "акчаны алганга чейин талаа жумуштарын баштай беребиз" дешти. Фирманын жетекчилери, өкүлдөрү Жалал-Абадга чыгып кетишти. Көрүп, жумуштарын пландаштырышат да эми. Бул жанаша долбоорлоо болгону үчүн фирма ушул жылдын октябрь айларына барып курулуш иштерин баштайт. “Азвирт” компаниясы курулушту үч жыл ичинде бүткөрүүгө тийиш.

Транспорт жана жолдор министрлиги “Азвирт” компаниясы 67 чакырым жолду 3 млрд. 536 млн. 413 миң 768 (үч миллиард беш жүз отуз алты миллион төрт жүз он үч миң жети жүз алтымыш сегиз) сомго оңдой турганын билдирди. Министрлик ошондой эле башка компаниялар канча сумма сунуш кылганын ачыкка чыгарган жок.

Маалым болгондой, тендерге катышуу үчүн биринчи айлампасына 21 компания арыз берген. Андан техникалык талапка жооп берген төрт компания экинчи айлампага калган. Алар Кытайдын “Xinjiang Beixin Road & Bridge Group Co.” жана “Gezhouba Group Company” ишканалары, Орусиянын “Евротракт” жана Азербайжандын “Азвирт” компаниялары.

БААРЫН ЫНАНДЫРБАГАН ЖЫЙЫНТЫК

Бирок тендердин жыйынтыгы толук жарыялана электе, анын катышуучусу, орусиялык “Евротракт” компаниясы "сынак коррупциялык жолдор менен өттү" деп чыкты. Анын өкүлдөрү "сынакта “Евротракт” утуп алган, бирок комиссия башка фирманы жеңүүчү кылып салды" деп билдиришүүдө.

“Евротракт” ал тургай тендерде компаниялар сунуш кылган суммаларды да ачыкка чыгарып, “Азаттыкка” тендердин протоколунун көчүрмөсүн берди. Ал документке ылайык, эң чоң сумма - 4 млрд. 128 млн. сомду “Gezhouba Group Company” компаниясы сунуш кылган. Ал эми азербейжандык “Азвирт” компаниясынын сунушу 3 млрд. 802 млн. сом болуп чыккан. Дагы бир кытай компаниясы “Xinjiang Beixin Road & Bridge Group Co.” фирмасыныкы болсо 3 млрд. 730 млн. сом болгон. Соңунда орусиялык “Евротракт” компаниясы эң аз сумма - 3 млрд. 694 млн. сом сунуштаган. Ага карабай тендердин жыйынтыгы баарын таң калтырган.

“Евротракт” корпорациясынын башкы директору Валерий Шалимов тендер болгон күндү мындайча эстеди:

-Тендер 2017-жылдын 26-октябрь күнү саат 15:00дө башталды. Алгач үч компаниянын өкүлдөрү кирип отурдук. Андан кийин тендер комиссиясынын башчысы Мелис Алыпсатаров кирип келип: “Видео тартууга тыюу салынат” деди. Башка өлкөдө болгондон кийин унчукпай макул болдук. Ал кирип: “Азербайжандар көрүнбөйт го” деди, ошондон кийин эле сүйлөшүлгөндөй “Азвирт” компаниясынын өкүлдөрү кирип келди. Ошентип конверттер катталган кезек боюнча - эки кытай компаниясыныкы, биздики, анан азербайжандардыкы ачылды. Натыйжада эң аз сумма - 3 млрд. 694 млн. сом менен биз жеңдик. Суммалар тактайчага жазылды. Ошол учурда алар утулуп калганын түшүнүп калышты окшойт, конвертти ачып аткан киши: “Ой, бул документ калып кетиптир, “Азвирт” компаниясынын арзандатуусу бар экен" деп “7% арзандатуу” деген башка кагазды алып чыкты. Аны конверттен алып чыктыбы, кайдан алып чыкты, көрбөй калдык. Ушундай жол менен заматтын ичинде “Азвирт” компаниясын жеңүүчү кылып салышты. Мунун баары тендер комиссиясы ачык эле “Азвирттин” кызыкчылыгын коргогонун көргөздү.

Валерий Шалимов бул схема тендерге чейин анын өзүнө сунушталганын, бирок андан баш тартып койгонун белгилейт. Ал ошол себептүү азербайжандык компания министрликтин өкүлү менен тил табышып алды деп эсептейт:

- Тендерге толук бир ай калганда, 2017-жылдын 25-сентябрь күнү бизди Транспорт жана жолдор министрлигине чакырышкан. "Суроолор болсо айтып калгыла, суроолор мындан кийин каралбайт" дешкен. Ал жерде долбоордун сапаты, акчанын курсу жана башка маселелер боюнча сөз болду. Ошону менен чыгып кеттик. Чыккандан кийин тендер комиссиясынын башчысы Мелис мага келип, “тендерди утуп чыга турган схема” сунуш кылды. Кыскартып айтканда, ал “тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин, мен арзандатуу кагазын киргизип, сени жеңүүчү кылып коем” деди. Бул үчүн ал 220 миң доллар сурады. “Кытайларга айтсам болбой коюшту” деди. Бирок мен бул сунуш мыйзамсыз экенин айтып, баш тартып койдум. “Эч кандай акча бере албайм, тендерден өзүм утуп чыгам” деп кетип калгам. Ошентип тендер болгон күнү куду ошо мага сунуш кылган “коррупциялык схеманы” “Азвирт” компаниясы менен жасашты. Бул жерде ачыктан-ачык коррупция, мыйзам бузуу болду.

Орус компаниясынын жетекчиси Валерий Шалимов ошондой эле алар тендердин видеосун талап кылышканын, бирок 7% арзандатуу кагазын алып чыккан учур анда кыркылып калганын кошумчалады.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин аталган участок боюнча тендердик комиссиясынын төрагасы Мелис Алыпсатаров Шалимовдун дооматтарын четке кагууда. Ал “Евротракттан” акча сураганын да, “Азвирттин” кызыкчылыгын жылдырганын да төгүндөдү:

- Мен эч качан эч кимден эч кандай акча сураган эмесмин жана алган да эмесмин. Бул тендерди жүргүзүүдө менин акча алганга мүмкүнчүлүгүм да жок, өзүм да акча албайм. Себеби бул иштин баары мыйзам чегинде болот. Сынактын баары, процедуранын баары мыйзам чегинде, өзүнүн эрежелеринин негизинде өткөн. Ошол эле 7% бардык фирмалар сунуш кылганга укугу бар болчу. “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамда да, Дүйнөлүк банктын жобосунда да бул маселе көрсөтүлгөн. Бирок фирма ошол тендер учурунда айтып коюш керек. Ал эми “Азвирт” ошол учурда айтып койгон. Болбосо “Азвирт” компаниясы менен менин эч кандай байланышым жок, аларды мен тааныбайм дагы.

Мелис Алыпсатаров “Евротракт” башка жагдайлардан улам сынактан четтетилгенин жүйө келтирет:

- Биз документтерди карап чыкканда "“Евротракт” компаниясынын банктык кепилдиги жасалма" деп бизге “Аманбанктан” кагаз келди. Себеби бул фирма банктын жетекчисинин кол тамгасын жасалмалап, документ жасаптыр. Бул иш боюнча Финансы полициясына арыз жазып, иш боюнча тергөө жүрүп жатыптыр. Ошол себептүү биз "Евротрактты" жарыштан четтетип салганбыз.

Соңку факты боюнча “Аманбанктан” түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) тендердеги банктык кепилдиктер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын ырастады. Финансылык көзөмөл мекемеси кененирээк иликтөө бүткөндөн кийин маалымат берилерин билдирди.

“Евротракт” компаниясы болсо башка курулуш компаниялары сыяктуу эле алар деле 1 млн. 450 миң доллар банктык кепилдигин көрсөткөнүн белгилеп, Транспорт жана жолдор министрлиги тендердин мөөнөтүн атайылап узартып, банктык аныктаманын мөөнөтүн атайын жараксыз абалга кептеген деп эсептейт.

Маданият - Жалал-Абад жолун оңдоо боюнча тендердик комиссиянын протоколуна ылайык, комиссияда Алыпсатаровдон сырткары Чолуев, Өскөнбаев, Советов, Молдоисаев, Абдилатип уулу жана Шаршекеев мүчө болушкан. Алардын биринен да кеп болуп жаткан маселе боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

“Азвирт” компаниясы да маселе боюнча комментарий берүүгө макул болгон жок. Фирманын ушул жылдын башында ачылган, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү "Премиум" бизнес-борборундагы кеңсесине барганыбыз менен фирманын жетекчилиги биз менен жолугушууга келбей койду.

"Азвирт" фирмасы Азербайжандын борбору Баку шаарындагы "Azvirt LLC" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп саналат. "Azvirt LLC" эл аралык деңгээлде таанымал курулуш компаниясы.

7% АРЗАНДАТУУ КАНЧАЛЫК МЫЙЗАМДУУ?

Маалыматтарга караганда баш кеңсеси Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан “Евротракт” корпорациясы Орусиянын ондогон шаар-аймактарында жүздөгөн жолдорду, көпүрөлөрдү курган, КМШ мамлекеттеринин ичинде бир нече курулуштарды ишке ашырган. Бирок компания өкүлдөрү Орусияда жана башка өлкөлөрдө бир да тендерде мындай мыйзам бузууну учуратпаганын айтышууда.

Компаниянын директору Валерий Шалимов кайрадан кепке кошулду:

- "Арзандатуу" дегендин өзү негизги сумманын аягында, аны менен бир документте жазылган болсо макул дейли. Анда маселен чыгаша эсептелип чыгып, анан андан кемитилип, бир сумма берилет. Бирок алар ошол бир сумманы сунуш кылган болуп саналат. Бирок алар тендердин документин өзүнчө, ал эми утулуп калгандан кийин арзандатуу кагазын өзүнчө чыгарып жатышпайбы? Мен бир да эл аралык тендерден мындай нерсени көргөн эмесмин. Бул эмне, базарбы, “мен мынча берем”, “түшүр, арзандат” дегидей? Балким ал жакта 3%, 10% арзандатуу жазылган кагаздарды даярдап коюшкандыр. Менин эсебим боюнча материалдын өзүнө эле 50 млн. доллар акча кетет. Эгер алар эсептебей туруп эле, арзандатуу берип атышса, акчаны каяктан үнөмдөшөт? Фирма арзандаткан акчаны кайсы жактан чыгарып алат? Цементти азыраак куюшабы? 19 сантиметр асфальт басыш керек болсо, алар эмне, 5 сантиметр асфальт басышабы? Анда жолдун сапаты кандай болот? Ага ким жооп берет? Бул арзандатуу эмес, бул алдамчылык. Европада керек болсо 1% арзандатуу кылсаң, сени тендерден чыгарып салышат. Анткени “эгер сен акчаны кысып атсаң - анда жолду эптеп эле курасың” деген принцип бар. Мен жол куруу тармагында 30 жыл иштеген адис катары айта алам, бул жолду өтө сапатсыз куруп беришет. 60 тонналык бир эле бульдозер келип, жолду бычыратып бузуп кете турган болот. Анткени 67 чакырым жолду мынча акчага куруу таптакыр мүмкүн эмес.

Кыргызстандын “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамында тендер учурунда арзандатуу канча пайызга чейин көрсөтүлүшү мүмкүн экени так жазылган эмес. Мыйзамдын 28-беренесинин 7-пунктунда “конкурстук табыштаманын баасы жана валютасы, сунуш кылынган арзандатуу жөнүндө маалымат” бир документте жазылышы керектиги белгиленген. Бирок 2016-жылы өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамдын ал бөлүгү тендерлерде коррупцияга жол бере турган жагдайларды пайда кылганын айткандар бар.

Курулуш маселелери боюнча эксперт Ишенбай Кадырбеков байкоолору менен бөлүштү:

- Арзандатуу дегендин өзү эле 100% коррупциялык тобокелдикти жаратат. Анткени тендер өтүп жатканда киши кааласа Ашматка, кааласа Ташматка арзандатуу документин жасай коюп, каалаганын жеңүүчү кылып кое берет. Бул жерде мыйзамда үстүртөн белгиленген болсо, билдирүүлөрдү, табыштамаларды кабыл алуу формасында талаптар ачык жазылышы керек. Башкача айтканда ар бир тендерди өткөрүүдө “мынча пайыз арзандатуу берсеңер болот, мындай жеңилдиктер бар” деген шарттары так көрсөтүлүшү керек. Аны менен тендерге катышып жаткан ар бир катышуучу тааныш болушу керек. Арзандатуу мыйзамда каралган болсо да, тендерди кабыл алуу талаптарына ал жазылбаган болсо, анда аткаруучу компания сунуш кылган арзандатуу сунушу мыйзамсыз болуп саналат. Антпесе бир кишиге шыбырап, “ушуну жазып койсоң сен утасың” деген мамиле кетсе - анда бул ачыктан-ачык коррупциялык схема болуп калат. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров да бул жерде акчаны чет элдик мекемелер төлөгөн учурда бир гана баа коюлушу керек экенин билдирди:

- “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде тендерге катышып жаткан компания бир гана баа коюшу керек. "Эки баа коюлушу" керек деген жери жок. Анан бул жерде акча каражаты бюджеттен эмес да! Ошондуктан катышып жаткан ишканалар бир гана санды көрсөтүшү керек эле. Антпесе “биринчи мындай кылам, болбосо тигиндей кылам” деген базардагыдай мамиле болуп калып жатпайбы. Бул биринчиден туура эмес, экинчиден мыйзамсыз. Биринчи суммадан сырткары дагы бир сумманы чыгарып жиберишкен болсо - бул накта коррупция. Эми берки утулуп калган компаниялар бул жерде сотко кайрылат, анан бул иш дагы созулат, дагы убара болуп, кыйналып жүрөт экенбиз да эми. Бул маселе боюнча парламентте да маселе көтөрөм.

Транспорт министри Жамшитбек Калилов тендердеги талаш маселелер жана 7% арзандатуу боюнча туура эмес жагдайлар аныкталса, аны укук коргоо органдары териштириши керек экенин билдирди. Ал министр катары тендердин ишине аралашууга укугу жок экенин да белгиледи.

ЖОЛ КУРУЛА ЭЛЕК, КАРЫЗДАР КАЧАН ТӨЛӨНӨТ?

Бишкек-Ош жолу 2000-жылдардан баштап реабилитациялана баштаган. Азия өнүктүрүү банкы буга чейин 140 млн. долларлык насыяны үч бөлүп берип, ага 655 чакырым жолдун 483 чакырымы оңдолгон. Трассанын калган бөлүктөрү Эл аралык кызматташуу боюнча жапон агенттигинин жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңыланган. Бирок жолдун Бишкектен Кара-Балтага чейинки (60 чакырым) жана Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки (67 чакырым) аралыктары оңдолбой келген.

Жолдун начарлаганына жана каттоонун күчөп жатканына байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү бир катар эл аралык мекемелерге кайрылган. Буга Азия өнүктүрүү банкы жооп кылып, алардын жардамы менен 2012-жылы аталган эки участок изилденип, техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган. 2014-жылы болсо аталган банк Бишкек - Кара-Балта жолун оңдош үчүн 100 млн. доллар насыя (анын ичинде 35 млн. доллары грант) берген.

Ошол эле жылы Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад участогун оңдош үчүн 60 млн. доллар насыя бөлүп берүүгө макулдук берген. Бул суммага кыргыз өкмөтү 12 млн. доллар акча кошуп, жолду оңдоого тендер жарыялаган. Бул 4 жарым млрд. сомдон ашыгыраак сумма. Бирок ошондон бери тендер аягына чыкпай, ар кандай себептер менен созулуп келген.

Бул каражаттар боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен аталган банктардын ортосунда макулдашуулар түзүлүп, аны Кыргызстандын парламенти ратификациялап берген.

Депутат Төрөбай Зулпукаров жол куруу кечеңдегени менен, насыялар жакын арада төлөнө баштарын эскертүүдө:

- Бул жерде тендерди өткөрө алышпай аябай көп убакытты созуп жиберишти. Эми сотко берсе, ал жерде дагы бир-эки жыл созулса, жол качан курулат эми? Акча турат, биз ратификация кылып бергенбиз. Ал тургай аз жылдан кийин биз бул акчага насыяны төлөй баштайбыз. Анын мөөнөтү бар. Ал жерде "жол салынгандан баштап" деген жери жок да, документ ратификациялангандан баштап эсептелет да. Башкача айтканда, биз аз жылда бөлүнгөн акчага жол курбай туруп эле, карызды төлөй баштаганга туура келет. Бул аябай уят иш го, эми. Азыр бир күн кечиксек да биздин пайдабызга каршы келип жатат.

Ошол эле кезде жолду куруунун кечеңдеши тургундарга жана айдоочуларга кедергисин тийгизип, элдин нааразылыгын жаратууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов буларга токтолду:

- Үч жылдан бери "тендер өтөт, антет-минтет" деп атып кечиктирип келатышат. Транспорт министрлигине, өкмөткө канча жолу кат менен кайрылганбыз. Министр деле, өкмөт деле аракет кылып жатат, бирок тендер аябай кармаптыр да. Жолдун абалы негизи аябай эле начар болуп, ары-бери каттагандарды кыйнап атат. Трассалардын ичинен Кыргызстандагы эң начар жол деп ушул Маданият - Жалал-Абад жолун айтып коюшат экен. Бишкек-Ош жолунда каттагандар шуулдап келатып, ушул жерге келгенде бир тоонун жолун тепсегендей эле болушат да. Тендер өткөн болсо, эртерээк баштап, пайдаланууга эртерээк берсек жакшы болмок.

Азербайжандык “Азвирт” компаниясынын аты буга чейин Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерде аталган. Анда да тендерге 26 компания катышып, соңунда жол курууну 70 миллион долларга аткарууну сунуш кылган кытайлык “China Railway” компаниясы менен 82 миллион доллар көргөзгөн азербайжандык “Азвирт” компаниялары алдыга чыккан. Бирок тендердик комиссия жумушту арзан бүтүрүүнү сунуш кылган кытайлык компаниядан күмөн санап, азербайжандык компанияны тандоону сунуш кылган.

Ошо кездеги министр Замирбек Айдаров аз акча сунуш кылган Кытай компаниясын жеңүүчү кылыш керек экенин айткан. Тендердик комиссия министрди "сынакка кийлигишип жатат" деп айыптап, акыр-аягында министр ушунун айынан кызматынан кеткен.

Маселеге кийин каражат бөлгөн Азия өнүктүрүү банкы чекит койгон. Ал мекеме “Азвирт” компаниясына макулдук бербей коюп, натыйжада Кытай компаниясы жеңүүчү болуп калган. Учурда Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоону “China Railway” компаниясы жүргүзүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...