Акыркы макалалар

15-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

14-15-июнда өлкөдө аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын арбын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа каттамын, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин, жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. 13-15 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 23…25 градус болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...