Акыркы макалалар

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестин 45 миң 607 адам тапшырып, 29 миң 49 адам- кыргыз тилинде, 16 миң 558 адам- орус тилинде тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, тарых боюнча тестти - 24 миң 963 адам, биология боюнча - 14 миң 309 адам, химия - 10 миң 922 адам, математика - 10 миң 264 адам, англис тили - 9 миң 674 адам, физика боюнча - 5 миң 551 адам тапшырды.

Ошондой эле министрликтен кабарлашкандай, 20-21-июлда Бишкек жана Ош шаарларында ар кандай себептер менен тестирлөөнү өз убагында тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн кайра тестирлөө өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...