Акыркы макалалар

Кааров: Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү

Кааров: Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун күңгөй тарабы жамгырлатып сугарылып, 13-июнь күнү буга чейин орнотулган түтүктөр алгачкы жолу иштеди.

Сулайман-Тоону суугарууга 6 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу демилгенин көтөрүп чыккан "Ошпроектстрой" ишканасынын өкүлү Мухаммед Кааров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эми мындан ары аталган тоонун күңгөй тарабындагы 8 гектар жердеги бак-дарактар да жамгырла туу жолу менен сугарылып турат.

"Бул демилге "Ошпроектстрой" ишканасы аркылуу көтөрүлүп, аны "Улар транс" курулуш ишканасы ишке ашырды. Учурда 8 гектар аянт жерге 162 даана түтүк орнотулду. Ага республикалык бюджеттин эсебинен 6 миллион сом акча бөлүндү. Бир учурда 162 түтүктүн баарын иштетүүгө болбойт. 5 түтүк иштетилип, ал 25 метрден 35 метрге чейинки аралыкка сууну чачыратып жер менен кошо бак-дарактар сугарылат. Түтүктөр бир саат бою иштейт. Андан соң башка беш түтүктү иштете баштайбыз", — деди Кааров.

Ал сугаруунун мындай ыкмасы буга чейин чет өлкөдө колдонулуп келген болсо, эми Кыргызстанда да иштей баштагандыгына токтолду. Бул ыкма сууну 60 пайызга үнөмдөйт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...