Акыркы макалалар

Кыргызча мультфильм тартуу үчүн каражат жок

Кыргызча мультфильм тартуу үчүн каражат жок

Кыргызстанда кыргыз тилинде тартылган мультфильмдер жокко эсе. Жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлүп жаткан мультфильмдердин көпчүлүгү котормо. Мисалы коомдук биринчи каналда көрсөтүлүп жаткан кыргыз тилиндеги мультфильмдер жалпы сандын 15%ын түзөт. Алар дагы котормо. Мультфильм тартууга көп каражат кеткендиктен көпчүлүк режиссерлор кыргыз жыттанган мультфильм тартууга белсене бербейт.

Кыргызстанда кыргыз тилинде тартылган мультфильмдер жокко эсе. Мунун баары каражатка байланыштуу. Анткени 1 мүнөттүк анимацияны жасоо үчүн кеминде 1 200 — 1 500 доллар сарпталат. Анын үстүнө балдарды кызыктыруучу башка контенттер көбүрөөк көрүлүп жаткандыктан, кыргыз тилинде мультфильм тартууга көпчүлүк эле кызыга бербейт. Мындан улам учурда коомдук биринчи каналда көрсөтүлүп жаткан мультфильмдердин да 15%ы гана кыргыз тилинде. Алар дагы которулган. Мындай абал ата-энелерди да тынчсыздандырат.

—Кыргыз сыналгысында “Керемет көч” сыяктуу кыргыз тилиндеги мультфильмдер көбүрөөк берилсе жакшы болмок.

-Балдар англис, орус тилиндеги мультфильмдерди көрүү менен тил үйрөнүү жөндөмдүүлүгү өсөт. Эне тилин унутпашы үчүн кыргыз тилиндеги мультфильмдерди да көрүп коюшу керек.

-Кыргызстанда жашап жаткандан кийин эне тилинде мультфильмдер көбүрөөк берилиши зарыл.

Негизи мыйзамга ылайык, жалпы көрсөтүүнүн 50%ы кыргыз тилинде болушу керек. Бирок коомдук телеканалдагы мультфильмдердин 15%ы гана кыргыз тилинде. Каналдын бюджети болсо аларды 20%га чейин гана жеткире алат. Бул туурасында коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбеков айтып берди.

— Кыргыз тилдүү которулган мультфильмдер бар, ал эми Кыргызстанда тартылган, кыргызча мультфильмдер жокко эсе. Котормо студиясы менен биргеликте чет өлкөнүн мультфильмдерин которуп жатабыз. Кыргыз тилиндеги мультфильмдер 15-20 пайызды түзөт. Бардыгын толугу менен которгонго тилекке каршы акча каражат аз.

Психологдордун айтымында бала көргөнүн дароо кабыл алгандыктан, алар көрүп жаткан көрсөтүүнүн, мультфильмдин мааниси зор. Мындан улам буга чейин Жогорку кеңештин жыйындарында да улуттук идеология, кыргыз тилин өнүктүрүү керек деген мааниде коомдук каналда балдарга кыргыз-тилинде мультфильм көрсөтүү керек деген маселелер көтөрүлгөн. Бирок жогоруда айтылгандай иштин баары каржы маселесине байланыштуу. Мисалы буга чейин режиссер, сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов “Аку” анимациялык тасмасыныны чыгымын эсептеп көрбөсө да, көп эле сарпталганын айтат. Анын айтымында бүгүнкү күндө 1 мүнөттүк орточо анимация жасоо үчүн 1200-1500 доллар кетет. Ошондуктан, кыргыз тилинде мультфилмдер жокко эсе.

— Бир секунддук анимация жасоо үчүн үч, төрт күн убакыт кетет. Азыркы жашоонун темпи абдан күчтүү болгондуктан актуалдуу нерсени кармаш абдан кыйын. Мисалы бүгүн жасап жаткан ишиң, эртең кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан актуалдуу маселени жасаш үчүн, чоң команда керек жана аны албетте камсыздоо үчүн көп каражат сарпталат. Орточо эсеп менен алганда бир мүнөттүк анимация 1500 доллар болот.

Төлгөбек Койчумановдун айтымында, чет элдик мультфильмдерги “жөргөмүш адам” сыяктуу персонаждардын ордуна кадимки эле кыргыз адабиятындагы, тарыхындагы баатырлардан жасап, жаш балдарга улуттук баалуулукту сиңирүүгө болот. Дал ушундай максатты режиссер Сүйүн Откеев койгон. Учурда мультфильмдердин ордуна интернет үчүн атайы контенттер жасалып жаткандыктан, ушул ыкманы колдонуп, жаңы долбоорду баштаганы турат.

— Учурда балдар интернеттен орусча, англисче контенттерди көрүп жатышат. Ошол эле ыкма менен кыргыз тилинде тарбиялык мааниси чоң контент тарталы деп турабыз. Контенттер YouTube жана жергиликтүү каналдардан көрсөтүлөт.

Анимациялык тасмалар жасалышына жараша топторго бөлүнөт. Орточо сапаттагы анимациянын 1 мүнөттүк баасы 1,5 миң долларды чапчыйт. Натыйжада 10 мүнөттүк мультфильм үчүн кеминде 15 миң доллар керек. Ал эми котормонун баасы мультфильмдеги каармандарга, актерлордун катышуусуна жараша болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...