Акыркы макалалар

Кыргызстан 2017-жылы канча миллиард тапты? Көз сүйүнткөн сандар

Кыргызстан 2017-жылы канча миллиард тапты? Көз сүйүнткөн сандар

Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча рейтингде алдыга жылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылдагы программасы 90,1 пайызга аткарылганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинети 12-июнь күнү 2017-жылы аткарылган иштер жөнүндө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдары боюнча комитетинин жыйынында отчет берди.

"Өкмөттүн "Ишеним жана биримдик", "Жаңы доорго кырк кадам" программалары 2017-жылы 90,1 пайызга аткарылган", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр "Бизнес жүргүзүү" индекси боюнча өлкө 75тен 77-орунга түшүп калганын белгилеп өткөн. Анткен менен 2017-жылы "Төлөм жөндөмдүүлүгү" (11 орунга алдыга жылыш) менен "Насыя алуу" (3 орунга алдыга жылыш) көрсөткүчтөрү кыйла жакшырган.

Мындан тышкары, Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча рейтингде 89дан 78-орунга көтөрүлгөн. Ал эми глобалдык атаандашуу индекси боюнча 9 орунга алдыга жылган. Индикаторлордун өсүшү макроэкономикалык стабилдүүлүк жана финансы рыногунун жакшырышынан улам болгон.

2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, алдын ала божомолдон 1,1 пайызга ашып түшкөн. Ал эми ИДП 521 миллиард сомду түздү.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...