Акыркы макалалар

Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды

Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды

Эгер эмгек мигранттары акча которбой калса Кыргызстандын ар бир үчүнчү тургуну кедейликтин сазына батат.

Кыргызстандын бир нече аймагы эмгек мигранттарынын которгон акчасынан көз каранды экенин Улуттук статистика комитетинин үй-чарбасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, чет жакта иштеп келүү үчүн негизинен түштүк аймактын тургундары кетет.

"Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү дагы деле болсо Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Баткен облусунда эмгек мигранттарынын которгон акчасы жалпы кирешенин 30 пайызын түзөт, Ошто 18, ал эми Жалал-Абадда 9 пайыз", — деди ал.

Ошол эле учурда жалпы республика боюнча бул көрсөткүч 9 пайызды түзөт.

Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, эгер эмгек мигранттары үйүнө акча салбай калса, Баткен облусунда жакырчылык 20 пайызга, Ошто 18 жана Жалал-Абадда 10 пайызга чейин жетмек.

Жалпысынан алганда жакырчылыктын деңгээли 26 пайыздан 34 пайызга чейин көтөрүлүп, аябай жакыр жашагандар 1 пайыздан 8 пайызга чейин көбөймөк.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...