Акыркы макалалар

Ысык-Көлдөгү ипподромдун курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдөгү ипподромдун курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Коррупцияга кары күрөшүү кызматынын материалдары негизинде Ысык-Көл облусунда жайгашкан ипподромдун курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мамлекеттик сатып алууларды өлкөнүн кызыкчылыгына тескери ишке ашыруу”, “ишенип тапшырылган мүлктү ыйгарып алуу” беренелери негизинде козголду. Буга Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподром менен дене-тарбия комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар себеп болгон.

Иликтөөнүн натыйжасында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн аталган мекемелердин курулушуна каржы министрлигинен 1 млрд 584 млн сом которулганы аныкталды. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин мамлекетке 202 млн 814 миң сом зыян келтирилгени белгилүү болду.

Аталган окуя боюнча тергөө иштерин улантуу УКМКнын тиешелүү кызматына тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...