Акыркы макалалар

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

14-15-июнда аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда катуу жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

13-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 6…11; күндүз 22…27.

13-июнда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...