Акыркы макалалар

Шаардык сотто Канатбек Исаевдин иши карала баштады

Шаардык сотто Канатбек Исаевдин иши карала баштады

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) буга чейин билдиргени боюнча, Исаев “Токмок шаарынын мэри болуп турганда жалпы колдонуудагы муниципалдык жерди жеке менчик соода жайын куруу үчүн мыйзамсыз берген, муниципалдык имаратты мыйзамсыз түрдө өз баасынан кыйла арзан баада саткан" деп айыпталууда.

Ошондой эле мэриянын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен келишип алып, өздөрүнө тиешелүү компанияга шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан автостанция курууга уруксат бергени белгиленген.

Канатбек Исаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал Чүйдүн Токмок шаарын 2008-2010-жылдары башкарган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...