Акыркы макалалар

Чет элдик жаранды жакалаган жигиттин видеосу боюнча милиция үн катты

Чет элдик жаранды жакалаган жигиттин видеосу боюнча милиция үн катты

8-июнда интернетке жарыяланган видео боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы интернетке видеосу жарыяланып кеткен жаңжалдын катышуучуларын издеп жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, видео интернетке 8-июнда жарыяланган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары анын чоо-жайын иликтей баштаган.

Видеодо орто жашап калган кишини чымыр денелүү жигит алка-жакадан алып жулкулдатып сөгүп жатканын көрүүгө болот. Ал ортодо тигил киши аны коё бер деп түркчө кайрылып жатканын угулат. Алардын жакалашып жатканын бир нече киши карап турган.

Алдын ала маалымат боюнча окуя Бишкектеги Орозбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көңүл ачуучу жайлардын биринин алдында болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...