Акыркы макалалар

Депутаттар өкмөттөн бардык региондорго бирдей мамиле кылууну талап кылышты

Бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жйынында КСДП фракциясынан депутат Мамытбай Салынбеков газ менен камсыздоодо бардык региондорго бирдей мамиле кылууну талап кылды.

Учурда паралментте "Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын, айрыкча Ош областын, Ош, Жалал-Абад шаарларын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газынын тартыштыгына байланыштуу электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда.

Депутат Нарында , Ысык-Көлдө элдин бардыгы газы жок эле жашап жаткандыгын баса белгиледи.

"Ал жактарда деле көп кабатуу үйлөр бар. 4-5 кабат үqлөрдөн кериней чыгарып алышып от жагып отурушат. Ошто, Жалал- Абадда 4 ай суук болсо, Нарында 10 ай суук болот. Түштүктө кышында 15-20 градус суук болсо Нарын 40 градус суук болот. Учурда эл нааразы болуп жатат. Силер бардык аймактарга бирдей мамиле кылгыла",- деди депутат.

Кесиптешинин мындай пикирин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Майрамкүл Тиленчиева дагы колдоого алды.

"Маселен, Таласта дагы көп кабаттуу үйлөрдө от жагып жашап жатышат. Кышкысын 45-60 гардус суук болгон Нарында газ жок болгону аз келгенсип, кышында электр жарыгын өчүрүп саласыңар. Ошондо деле Нарын эли кыйкырып-өкүрбөй эле жашап жатат. 30-40 жылдан бери Нарында газ жок. Өкмөт бардык аймактарга калыстык менен мамиле кылгыла",- деди депутат.

Буга чейин депутат Жылдызкан Жолдошова Ошто жылытуу сезону башталганга чейин бир катар маселелерди чечүү керектигин айткан эле.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...