Акыркы макалалар

Кыргыздарга жана кыргыз жазуусуна арналган эмгек жарыкка чыкты

Кыргыздарга жана кыргыз жазуусуна арналган эмгек жарыкка чыкты

26-июнда Илимдер академиясында Гүлжамал Жаманкулованын “Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы” деген аталыштагы эки томдук китептин бет ачары өткөрүлдү. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди. “Бул китептин чыгышын кыргыз элинин тарыхына, жазуусуна, руханий дүйнөсүнө болгон урмат деп мүнөздөсөк болот. Бул китептин бет ачары академияда болуп жатканы да сыймыктуу. Эмгек өз окурмандарын тапсын”, - деп баа берди УИАнын президенти А.Эркебаев. “Бул китеп кыргыз жазуусунун тарыхына арналган эмгектердин саамалыгы деп атап кетээр элем. Биз акыркы 3-4 жылдын ичинде гана өзүбүздүн жазуу тарыхыбызга кайрылып жатабыз. Көптөгөн эмгектер жаралышы керек” , – деген оюн билдирди УИАнын вице-президенти, академик А.Акматалиев. Сунуш кылынып жаткан эмгекте кыргыздардын түрк доорундагы түркүттөр жана түрктөр менен алакасы, кыргыз элинин өз алдынчалыгы үчүн күрөшү, кыргыздардын түрк доорундагы коомдо ээлеген орду тууралуу да кеңири сөз болот. Эмгекте Енисей жазма эстеликтери жана андагы жазуулар каралат. Бул жазуунун адегенде кыргыздарда пайда болуп, кийин башка урууларга тарагандыгы, орхон‑енисей жазуусу енисей жазуусунун кийинки өркүндөтүлгөн формасы экендиги белгиленет. Ошондой эле Енисей, Талас жана Венгр жазууларынын тектеш экендиги, демек, булар бири‑бири менен карым‑катышта изилденүүсү зарыл экендиги айтылат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...