Акыркы макалалар

Кылмыштардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

Кылмыштардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

15-июнга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кылмыштардын электрондук китебин жана бирдиктүү реестрин киргизүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленди. Аны менен бирге Башкы прокуратура аталган бирдиктүү реестрин киргизүү маселелери боюнча координациялоочу орган катары аныкталды.

Ошондой эле, Башкы прокуратурага, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана укук коргоо органдары менен биргеликте 15-июнуна чейин бирдиктүү реестриди киргизүү маселеси боюнча ишти координациялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырылды.

Эске салсак, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында 2019-жылдын 1-январынан тарта кылмыштардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнү тапшырган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...