Акыркы макалалар

Бүгүн белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов каза болгон күн

Бүгүн белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов каза болгон күн

Бүгүн, белгилүү жазуучу мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматов каза болгон күн. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнө салган.

Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы болуп эмгектенген. 1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1958-1960-жылдары «Литературный Кыргызстан» журналынын редактору, 1960-1965-жылдары «Правда» гезитинин кабарчысы, 1965-1986-жылдары Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы болгон. 1991-жылдан тарта бир катар мамлекеттерде элчилик кызматтарда иштеп келген.

Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлге көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган. Айтматовдун чыгармалары негизинде тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына татыган.

Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды. Көркөм сүрөт искусствосунда жүздөгөн эмгектер жаралып, театралдык спектаклдер коюлду.

ЮНЕСКОнун билдирүүсүнө таянсак, Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, 1998-жылы жалпы саны 67,5 миллионго жеткен.

Айтматов Кыргыз эл жазуучусунан тартып бир катар эл аралык сыйлыктарга да ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамы ыйгарылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...