Акыркы макалалар

Баткенде мөмө-жемиштерден жасалган шербет сатыкка чыкты

Баткенде мөмө-жемиштерден жасалган шербет сатыкка чыкты

«Бир айыл-Бир продукт» долбоорунун алкагында Баткен шаарында мөмө-жемиштерден жасалган шербет сатыка чыкты. Бул тууралуу Баткен ЖИА Ассоциациясынын директору Шералы Касымалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен ЖИАнын башкаруу кеңешинин мүчөсү Мадымаров Бекболот жергиликтүү мөмө-жемиштердин негизинде даярдалган шербетти сатыкка чыгарды. Шербет эч кандай консервант жана боектор кошулбастан даярдалып, толугу менен таза продукт менен жасалган.

Ошондой эле, шербет өзүнүн экологиялык жактан таза жана натуралдуулугу менен кардарларга өзгөчө даам тартуулап, ден-соолукка да эбегейсиз пайдасын берет.

Бир литр сироптон 9 литр шербет жасалат. Ал эми бир литр сироптун баасы 165 сомго, шербеттин литири 18 сомго бааланат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...