Акыркы макалалар

Кыргызстандын футбол курамасы 92-орунга түштү

Кыргызстандын футбол курамасы 92-орунга түштү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка артка кетип, 92-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы тизме 7-июнда чыкты. Ал эми Кыргыз курамасы соңку бир ай аралыгында Азербайжан курамасы менен достук беттешин өткөрүп, 3:0 эсебинде утулуп калган. Буга чейинки эки ай аралыгында «Ак-Шумкарлар» дүйнөлүк рейтингде 75-орунду ээлеп келе жаткан болчу.

Жаңы тизмекте айдын мыкты командасы деп Азербайжан курамасы табылды. Алар 21 тепкичке көтөрүлүп 105-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Гайана курамасы көрсөтүп, 18 баскычка түшүп 182-орунга жайгашты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы өтө турган Азия биринчилигинде Кыргыз курамасынын каршылаштары: Түштүк Корея 57, Кытай 75 жана Филиппин курамасы 115-орунга жайгашкан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...